Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Түркия: “Эргенокон” өнөктүгүнүн иши күч алды


Мындан эки жыл мурда башталган “Эргенокон” деген шарттуу аталышта кылмыштарды тергөө өнөктүгүнүн чегинде Түркияда кийинки он жылдардын ичинде орун алган купуя окуялардын бети ачыла баштады.

Өнөктүктүк жүрүшүндө 150гө жакын киши, анын ичинде армениялык отставкадагы генералдар камакка алынган. Мындан сырткары тергөө маалында, 12-мартта Түркиянын чыгышында дайынсыз жоголуп кеткен кишилердин өлүк денеси бар деп шектелинген жерде казуу иштери башталды.

“Куралчан террордук уюм түзүү, демократиялык жол менен шайланган парламентти күч аркылуу таратып, өкмөттү кулатуу, Түркия жумуруятынын жарандарын баш көтөрүүгө тукуруу, жарылгыч заттарды сактап же ташып жүрүү” өңдүү айыптар тагылып, 150гө жакын киши, анын ичинде генерал, полковник жана түрдүү даражадагы офицерлердин үстүнөн сот өтуруму жүрүп жатат.

“Эргенокон” деген Түркиянын жаратылыш дастанынын аты менен аталып калган бул тергөө операциясынын алкагында ушу тапта Канадада качып жүргөн Тунжай Гүней аттуу бир күбөнүн мындан бир канча жыл илгери айткандарынын негизинде мамлекеттик прокурор өлкөнүн Ирак чек арасына жакын жерде орун алган Силопи шаарчасында, “Боташ” фирмасынын кудуктарында кишилердин сөөгүн издөө иштери башталды.

Алынган кабарларга ылайык, кудуктардын биринен бир канча сөөк жана кийим кечек калдыктары табылып, сот экспертизасы үчүн Анкарага жиберилген. 12-мартта Силопинин Жизре кыштагындагы армиянын казармасында да ушуга окшош казуу иштери башталды.

Бул казуулардын максаты - 1990-жылдары дайынсыз жоголуп кеткен көпчүлүк күрт тегиндеги активисттердин сөөгүн табуу. Жоголгондордун тууган туушкандары мындан бир канча жыл мурда бир нече ирээт прокуратурага кайрылышканы менен, алардын арыздарынан “Эргенокон” өнөктүгүнө чейин эч кандай майнап чыккан эмес.

“Эргенокон” иштерин жүргүзүп жаткан мамлекеттик прокурордун айыптоо корутундусу боюнча, Нобел сыйлыгынын ээси, жазуучу Орхан Памуктун өмүрүнө кол салууга аракет жасаган, армян тегиндеги түрк журналист Грант Динктин жана Анкарадагы Жогорку соттун бир мүчөсүнүн өлтүрүлүшүнө тийешеси бар деп шектелген топтун катарында отставкадагы генералдардын да болушу - Түркияда таасири күчтүү армиянын генштабынын тынчын аябай алганы даана байкалган менен генералитет ушу тапка чейин тергөө иштерине кызматташтыгын аяган жок.

Ошондой болсо да, тергөөнүн жүрүшүндө соттун санкциясы менен телефондо сүйлөгөн сөздөрү тыңшалган генералдардын бир катар натуура жоруктарынын бетинин ачылышы - аскерлердин эл ичиндеги кадыр-баркына терс таасирин тийгизеери да шексиз.

Жакында эле “АК” партиясынын депутаты, парламенттин мурдагы төрагасы Бүлент Арынч соттолуп жаткан генералдарга жеме сөзүн айткан:

- Ошол генералдардын үндөрү жазылган тасмаларды угуп көрсөңөр, Кудай сактай көрсүн, эмнелер гана жок” Түркия булардын кезинде согушка кирбегенине шүгүр кылып отурам. Булар согушту башкармак түгүл, өздөрүнүн ыплас иштери үчүн, тилекке каршы мыйзамсыз топтор менен кызматташууга чейин барышкан экен. Бул кишилер аскер ишинен башка да ар нерсени жасашкан тура. Бирок эгерде “АК” партиясы болбосо, буларга эч ким каршы чыга алмак эмес болчу.

Серепчилердин болжолунда, “Эргенокон” өнөктүгү бир жылдын аралыгында жыйынтыкталышы ыктымал. Бирок бул соттон эч кандай майнап чыкпайт дегендер да жок эмес.

XS
SM
MD
LG