Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

Түркия Илысуу ГЭСин курууну уланат


Поп ырчысы Таркан Хасанкейфте ГЭС курулушу археологиялык байлыктардын суу астында калышына алып келе турганын ырастап, бул дамбага каршы өнөктүк жүргүзүп келүүдө.

Поп ырчысы Таркан Хасанкейфте ГЭС курулушу археологиялык байлыктардын суу астында калышына алып келе турганын ырастап, бул дамбага каршы өнөктүк жүргүзүп келүүдө.

Түркиянын өкүмөтү бир канча миң адамдын конуш алмаштыруусуна, салттуу жашоо шарттарынын өзгөрүүсүнө жана баа жеткис археологиялык эстеликтердин суу астында калып жоголуусуна себеп болот деп каршылык билдирип келген айлана-чөйрөнү коргоо уюмдарынын нааразылыгына карабай, Тигрис дарыясынын төмөнкү агымында ири Илысуу ГЭСин куруу жумуштары кайра баштала турганын билдирди.

Курулуш жумуштары 2006- жылда башталып, өкүмөт экологияга, археологиялык эстеликтердин сакталуусуна, кошуна өлкөлөрдүн нааразычылыгына жана айылдардын көчүрүлүүсүнө байланыштуу Дүйнөлүк Банк койгон 150 шартка маакул болгон эле. Өткөн декабрда Германия, Австрия жана Швейцариядан турган кредиторлордун тобу дамбанын курулушунан келип чыга турган социалдык жана экологиялык кесепеттерге каршы чара көрүлбөй жатат деп каржылоону алты айга токтоткон болчу.

Ал мөөнөт үстүбүздөгү айдын алтымында аяктайт. Түркиянын экология министири Вейсел Эроглу кечээ чыгып сүйлөп, кредиторлордун тобу санкцияны алып салабы же жокпу баары бир дамбаны куруу жумуштары кайра башталаарын жар салды. Ал ошондой эле, таанымал поп жылдызы Тарканды дамбага каршы өнөктүгүн токтотууга чакырып, бул долбоор аймактын экономикалык абалын жакшыртып түбөлүктүү электр энергетикасынын булагына айлана турганын ишендирди. Поп ырчысы Таркан Хасанкейф ГЭС курулушу аталган шаарчадагы археологиялык байлыктардын суу астында калышына алып келе турганын ырастап, бул дамбага каршы өнөктүк жүргүзүп келүүдө.

“Мен Хасанкеифте бул дамбанын курулушуна жекече каршымын, анткени бул жер маданий байлык катары, табыйгы мурас катары баа жеткис аймак” ,- деген Таркан өткөндө Түркиянын маданият министри Эртугрул Гүнай менен жолугушуп, бул дамбанын курууну токтотууга көмөктөшүүсүн өтүндү.

Министр Гүнай болсо бул маселенин башкача аспектилери дагы бар экенин баса белгилеп: “Албетте, муну илим-билим чечет, бирок Түркиянын өнүгүү маселелерин да ойлош керек” деп жооп кайтарган болчу. Экология министри Вейсел Эроглу кийинки чыгып сүйлөгөндө Дүйнөлүк Банк койгон шарттарды аткарууга ири кадамдар жасалып жатканын бышыктаган:

“Мен сүйүктүү Тарканга айтаар элем. Бул долбоорго каршы чыкпасын. Келип биз менен сүйлөшсө, биз ага маселенин бардык майда-баратын айтып, эмне үчүн бул дамба курулуш керек экенин даана түшүнтүрүп берер элек”.

Өкүмөт 1200 Мегават электр кубатын өндүрө турган Илысуу дамбасы курддар жыш жашаган аймакта курулуп жаткан 30 миллиард доллар баасындагы Түштүк Чыгыш Анатолия долбоорунун эң маанилүү бөлүгү экенин билдирип келүүдө.

XS
SM
MD
LG