Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

Түркия: Ооп бараткан дипломатия


Түркиянын премьер-министри Реджеп Тайып Эрдоган

Түркиянын премьер-министри Реджеп Тайып Эрдоган

Түркиянын тышкы саясатындагы өзгөрүштөр батыштык басылмалардын көңүл чордонунда.

ЕККУнун интернет баракчасында глобалдык каржылык кризистин кыргызстандык мигрант жумушчуларга тийгизген таасири тууралуу уюмдун изилдөө баяндамасы жөнүндө маалымат берилген. Андагы маалыматтарга караганда, Росияда иштеп жаткан кыргызстандык мигрант жумушчулар Кыргызстанга жөнөткөн акча азайып бараткан менен, массалык түрдө кайра мекенге кайтуу кыймылы байкалган эмес.

ЕККУнун Бишкек борборунун башчысы, баш элчи Андрев Тесориере: “Өзгөчө бүгүнкү каржылык жана экономикалык кризистин тушунда мигрант жумушчулар Кыргыз өкүмөтүнө экономикалык кыйынчылыктар менен күрөшүүдө чоң жардам болоорун баса белгилеш керек. Ошондуктан бииликтегилер Кыргызстандын узак мөөнөткө коомдук-экономикалык өнүгүүсүндө мигрант жумушчу жана миграция маселесин чечүүнүн ишине кылдат мамиле жасоосу зарыл” деген пикирин билдирген.

Түркия кийинки мезгилде жүргүзө баштаган көп кырдуу тышкы саясат жана анын натыйжалары тууралуу батыштык серепчилердин ой толгоолору уланууда. International Herald Tribune гезитинде “Түркиянын ооп бараткан дипломатиясы” деген баш сөз менен чыккан макалада, Анкаранын тышкы саясатынын оош-кыйыштары талдоого алынган.

“АКШ менен Европа, Израил-Палестин конфликти, ООоганстан жана Иранда алга карай жылыш үчүн тырышып жаткан кезде, алардын аймак боюнча стратегиялары таянган платформа түпкү тамырынан алмашып баратат. Эң эле маанилүүсү, АКШ менен өнөктөштүктүн тар чөйрөсүнөн кутулуп, Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүнө кызыгышы азайган Түркия көнүлүн Азия жана Жакынкы Чыгыштагы Осмон доорундагы кошуналарына бура баштады. Бул иш жүзүндө Батышка бүтүндөй артын салуу дегенди билдирбесе дагы бул өзгөрүштөр Израилдин Газадагы аракеттерин колдоп, Иранды кысмакка алган АКШ жана Евробиримдиктин саясаттарынан жана ЕБге мүчө болуу мүдөөсү биротоло туюкка такалган абалдан тажагандыкты көрсөтөт. Бул ошол эле учурда, Түркиянын өз ичинде жүрүп жаткан “исламдык кайра ойгонуу” менен да тыгыз байланыштуу” деп айтылат макалада. “Эгерде Түркия бул жолун ийгиликтүү уланта берсе, Советтер Союзунун ыдырап, Америка басып киргенден кийин Ирактагы сунниттердин үстөмдүгүнүн талкалангандыктан, Иран алдыңкы планга чыга баштаган аймактагы күчтөрдүн тең салмагын оодара салышы да ажеп эмес”.

“Түркия көп замандан бери НАТОнун мүчөсү жана Израилдин өнөктөшү, ЕБге мүчө болууга талапкер жана Батышка энергия алып чыгуунун коридору деп эсептелчү. Бирок өсүп бараткан экономикалык жана дипломатиялык күчү Вашингтон жана башка өлкөлөр алпурушуп келе жаткан эң эле татаал маселелердеги Анкаранын таасири да артып жатат” деп жазылат Financial Times гезитинде чыккан макалада.

Бул тууралуу Waşington Post дагы бир макала жарыялап, “премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын исламчыл өкүмөтүнүн демократиялуу байманаларга болгон лоялдуулугу анча бекемдей көрүнбөйт” деген пикир билдирген. Эрдогандын Ак Партиясы 2002- жылда бийликке келгенден кийин тарыхый маанидеги реформаларды ишке ашырып, өлкөнүн күрт маселесинде жана Армения менен болгон чатагында маанилүү кадамдарды жасады. Бирок бийликтеги мөөнөтү узара берген сайын мырза Эрдогандын демократиялуу принциптерге жана батыштык байманаларга карата мамилеси анчалык чеке жылытарлык эмес экени байкалып баштады. Өлкөнүн ЕБге мүчө болуу үмүтү азая баштаганда, өкмөттүн тышкы саясаты чукул алмашып, Израилди жемелеп, Иран менен мамилелерди тыкыстап баштады. Бир кезде Вашингтондо Мырза Эрдоган менен анын партиясын Ислам менен демократия жанаша жашай ала турганынын символу катары баалашар эле. Бирок анын бул касиети карарып жатат. Эгерде, күчүм өчпөсө деген ниети болсо Эрдоган мусулман диктаторлорду мактоодон жана алардын жолун жолдоодон баш тартуусу керек” деп корутундуланат макала.

“Армения Тоолу Карабактын эгемендүүлүгүн тааныйм деп Азербайжанды коркутту” деп жазат Түркияда чыгуучу Hurriyet гезити. Анда жазылышына ылайык, Армения, эгерде Азербайжан Тоолу Карабакты кайра басып алыш үчүн аскердик чара көргөн шартта аймактын эгемендүүлүгүн тааный турганын билдирген. “Өткөн Ишембиде Азербайжандын президенти Илхам Алиев эгерде жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай майнап чыкпаса, Азербайжандын Карабакты күчкө салып кайра басып алууга акысы бар деген болуучу” деп көрсөтүлөт макалада.

XS
SM
MD
LG