Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Анкара менен Москванын алакасы артууда


Түркиянын премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган эки күндүк сапар менен Москвада иш сапарда жүрөт. Бул сапар Москва менен Анкаранын ортосундагы мамилелердин кандайча ылдам өнүгүп баратканын чагылдырат.


Премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын Москвадагы сүйлөшүүлөрүнүн чордонунда энергетика маселеси турат. Өткөн жылы Россия утуп алган атом электр станциясы тендери, жаратылыш газ соодасы, Набукко газ кууруна Россиянын кошулуу маселеси өңдүү маселелер талкууга алынат.

Бирок жалпы контексттен алып караганда Эрдогандын бул сапары кылымдарга созулган эрегишүүлөрдөн кийин Анкара менен Москванын ортосунда гулдөгөн достук мамилелердин суктанаардык касиетинен кабар берип олтурат. Көптөгөн аймактык жана эл-аралык маселелерде көз караштары бири-бирине төп келген Түркия менен Россиянын байланыштары, өзгөчө СССРдин ыдыроосунан кийин Россиянын Түркияга жаратылыш газын сата баштоосу менен оң жагына бурулду. Ошо кезден тартып эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алакалар дагы тереңдеп, Кавказдан Жакынкы Чыгышка чейинки маселелерде эки ара кызматташтык күчтөндү.

Саяасии талдоочулар ‘бул кызматташтык жүрүп олтуруп эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык шериктештике айланып кетпесин’ деген батыштагы түкшүмөлдөөлөрдү четке кагуу менен бирге Түркия эми кансыз согуштун жылдарындагыдай, батыштык шериктештеринин талаптарын кыңк этпей аткарган Түркия эмес, өзүнүн улуттук таламдарына шайкеш, алда канча көз карандысыз тышкы саясат жүргүзгөн бир өлкөгө айланганын баса көрсөтүшүүдө.

Россия менен Түркиянын Иран боюнча саясаттары дагы бир жерден чыгууда. Эки өлкө тең Вашингтондун Ирандын өзөктүк программасына карата катуу линиясын четке кагып келишет. Түркияда чыгуучу “Хүррийет” гезитинин кабарчысы Тайлан Билгич бул тууралуу мындай деген пикирин билдирет:

Түркия Жакынкы Чыгыш маселелеринде таасирдүү добушка ээ болгусу келет. Россия дагы ошондой. Түркиянын өзгөчө башкаруудагы өкүмөтүнүн Жакынкы Чыгыш боюнча саясаты Вашингтондуку менен кайчылаш, Россиянын Жакынкы Чыгыш саясаты дагы ошондой”.

Саясии байкоочулардын пикиринде, Түркия менен Россиянын жакындашуусунда, Анкаранын Европалык Биримдикке толук мүчө болуу мүдөөсүнө айрым европалык өлкөлөрдүн каршылык көрсөтүп, сүйлөшүүлөрдүн улам создуктурулуп жатышы да чоң роль ойноп жатат. Америкалык профессор, Россия боюнча адис Николас Гвосдевтин пикиринде Түркиянын Евробиримдик тарабынан бекер убарага салынып келе жатышы Кремлдин пайдасына ойноп жатат.

Кремл Түркиянын ЕБден түңүлгөндүк сезимдерин өз пайдасына колдонгусу келет. Эгерде Түркиянын 2003- жылда башталган мүчөлүк сүйлөшүүлөрү дурусураак жүрсө эле, Москва ушунчалык жарака таба албайт болчу. Бирок вакуум пайда болду жана Москва ал вакуумду толтуруш үчүн тырышып жатат”.


XS
SM
MD
LG