Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

АБДУЛЛАХ ГҮЛ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ШАЙЛАНСА ЭМНЕ ӨЗГӨРӨТ?


Дүйшөмбү күнү президент Сезер Түркиянын жаңы өкмөтүн түзүүнү премьер-министр Эрдоганга тапшырды. Эрдоган башындагы Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АКП) 22-июлдагы парламенттик шайлоодо ишенимдүү жеңген. Азыр Түркия үчүн өкмөттөн да келерки президент ким болот деген суроо маанилүү. Анткени, исламчыл АКПнын өкүлү президент шайланса, Анкарадагы президенттик сарайдын каада- салттары бир кыйла өзгөрөөрү калетсиз дешет серепчилер.

Жаңы өкмөттүн курамы мыйзам талап кылган 45 күндө эмес, эки жумада эле аныкталып калат деп боолгонууда. Өкмөт түзүлгөн соң парламент президент Ахмед Неждет Сезердин ордуна жаңы президентти шайлоосу абзел.

Апрелде Режеп Тайып Эрдоган президенттикке Тышкы иштер министри Абдуллах Гүлдү сунуш кылганда президент оппозиция менен аскерий жетекчиликтин каршылыгына кабылган. Ыстамбулда жана Анкарада жүз миңдеген эл катышкан нааразылык жүрүштөрү өткөн. Конституциялык сот болсо президентти шайлоо учурунда парламентте кворум болбоду деп, Гүлдүн жеңишин тааныбай койгон. Ага карабай Гүл президент болуу ниетинен баш тарта элек.

Британиялык Дэвид Бачард Анкарадагы Тепав саясый борборунун серепчиси. Анын оюнча, бир айдын арасында Гүл президент болуп шайланат жана бул ирет өткөндөгүдөй саясый кризис болбойт:

- Биз азыр бир кыйла мамырап калган сууда турабыз. Чү дегенде эле парламентте шайлоо үчүн зарыл депутаттардын үчтөн экиси келип, кворум болору анык. Бул деген парламентте тоскоолдук болбойт дегенди билдирет.

Өткөн жумада оппозициячыл партия президентти шайлоо учурунда сессияда болобуз деп сөз берди. Андыктан, парламентте кворум болуп, Абдуллах Гүл президент шайланса, өздөрүн секулярдык бийликтин сакчысы эсептеген армиянын генералдары кандай кадамга барат, азрынча белгисиз. Алар буга чейин төрт ирет Конституцияга коркунуч жаралды деп, бийликти өз колуна алган.

Дэвид Бачард непадам Абдуллах Гүл президент шайланып калса, ак сарайда Мустафа Кемал Ататүрктөн бери келаткан айрым каада-салт бузулат деп болжойт:

- Маселе, Гүлдүн АКПнын исламчыл канатынан экенинде. Жалпыга маалым: анын аялы башынан жоолук түшүрбөйт. Жубайлар жашоонун ошол жолоюн бекем кармашат. Ошон үчүн Гүл жана анын аялы президент сарайын ээлешсе, өлкөнүн ырасмий протоколу оңко саят дагы Түркия тез эле өзгөрөт. Ошон үчүн орто класстагы эл, өкмөттүк кызматчылар Гүл мырзага каршы чыгышкан.

1923-жылы Түркияны негиздеген Ататүрк хиджаб улуттун өнүгүүсүнө жолтоо кылат жана аялдарды кемсинтет деп, алардын коомдук жайларда жоолукчан жүрүүсүнө тыюу салган. Ошондон тарта генералдар бул салтты элди “кыңк эттирбей” сактап келет.

XS
SM
MD
LG