Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

ТҮРКИЯ: ИСЛАМЧЫЛАР МЕНЕН ДҮНҮЙӨБИЙЛЕРДИН ТАЙМАШЫ


Амирбек Усманов, Прага Түркия конституциялык чоң сыноонун алдында турат. Өткөн жумада Жогорку апелляциялык соттун төрага орунбасары Абдрахман Ялчинкайа башкаруучу Адилет жана өнүгүү партиясын өлкөнү исламдаштырууга багыт алып, өлкөнү Мустафа Ататүрк түптөгөн жолдон чыгарууга аракет кылууда деп күнөөлөгөн. Доо арызды Конституциялык сот келерки жумада караш керек.

Түркияны саясый кризиске түртүп жаткан чатакка Адилеттик жана өнүгүү партиясы - АКП үстөмдүк кылган парламенттин университеттерде жоолукчан жүрүүгө тыюу салган 80 жылдан ашуун убактан берки мыйзамды алып салуусу түрткү болду. Бул кадамды өздөрүн секулярдык бийликтин сакчылары санаган генералдар менен соттор Конституцияны бузуу катары баалашты. Маселени Конституциялык сот эмки жумада караганы жатат. Парламенттин мурдакы мүчөсү, дүнүйөбий саясаттын жактоочусу Ахат Анжияндын айтымында, АК партиясы динди саясатка аралаштырып, олуттуу ката кетирди:

-Алардын саясаты натуура. Менин пикиримче, биз динди саясат менен чаташтырбоого тийишпиз. Мамлекеттик саясат динге негизделсе, өнүгүү мүмкүн эмес. Дүйнөдө тарсалыкка же исламга таянган бир да өлкө жок.

1970-жылдардан бери исламчыл партияларга төрт жолу тыюу салынган. Бирок азыр жагдай башка. АК партиясы 2002-жылы өкмөт башына келгенден бери Түркиянын ички дүң продукциясы эки эседен көпкө өстү. Премьер-министр Эрдоган жүргүзгөн укуктук реформалар Анкарага Евробиримдикке өтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого өбөлгө түздү. Экономикалык ийгилик АКПга былтыркы парламенттик шайлоодо 47 процент добуш менен жеңип чыгууга мүмкүндүк берди. Ошондуктан британиялык серепчи Дэвид Берхард исламчыл партияны бийликтен кетирүү мурдакыдан татаал болот дейт:

-Бул, арийне, Түркиянын Конституциялык соту чеччү маселе. Андан соң ишти Европа соту да карашы мүмкүн. Мени оюмча, сот башкаруучу партияны жапса, саясый кырдаал өтө курчуп, жагдай татаалдайт.

Буга дейре Түркияда тыюу салынган исламчыл партиялар Европадагы адам укугу боюнча сотко кайрылуусунан майнап чыккан эмес.

Конституциялык сот АК партиясына байланыштуу доо арызды жарым жылга чейин да карашы ыктымал. Андай болгондо, Түркия жылжыма саясый кризиске кабылат, деп боолгойт Вашингтондогу Стратегиялык жана Эларалык изилдөөлөр борборунун эксперти Бюлент Риза:

-Бул өлкөнү саясый туңгуюкка түртөт. Экономика да зыян тартат. Ачык айтканда, Эрдоган мырзанын башкаруусу бошоңдойт. Анын натыйжасында, Түркия акырын жылжыган кризиске кептелет.

Айрым талдоочулар, исламчылар менен секулярчылар арасындагы араздашуу күчөйт, Евробиримдикке өтүү боюнча сүйлөшүүлөр токтойт, Эларалык валюта кору менен чогуу жүргүзүлгөн үч жылдык экономикалык программа улантылбай калышы мүмкүн дешет. Азыркы 10 миллиард долларлык программа майда аягына чыгат.

Ошол эле учурда, Ердоган башындагы партияны колдогондордун катары өсүп, анын бийликте узак калышына шарт түзүлөрү да айтылууда.

XS
SM
MD
LG