Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Түркия: Шайлоодо генералдар жеңилди


Көпчүлүк шайлоочулар "Hayir"(Жок) дегенден көрө "Evet"(Ооба) деп добуш бергенди оң тапты.
Көпчүлүк шайлоочулар "Hayir"(Жок) дегенден көрө "Evet"(Ооба) деп добуш бергенди оң тапты.

Түркиянын көпчүлүк шайлоочулары 12-сентябрдагы референдумда өлкө мыйзамын реформалоону колдоп добуш беришти. Конституция 1982-жылы бийликте аскерий адамдар турган кезде жазылган.

Эрдоган башындагы өкмөттүн айтымында, элдин эрки аскерий режимден калган мурасты “көмүүгө” жол ачат. Оппозиция болсо башкаруучу партия конституциялык реформага жамынып, соттордун

Партияга тыйуу салынганы менен, анын мүчөлөрү мандаттарын жоготпойт.

көз карандылыгын азайтат жана бийлигин дагы бекемдейт деп санайт.
Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган жана аялы Эмине добуш бергени жатышат. 12-сентябрь, Ыстамбул.


Шайлоочулар генералдарды бийликтен ажыратты

Референдумга катышкан 49 миллион шайлоочунун 60 процентке жакыны премьер-министр Эрдоган башындагы партиянын бу демилгесин колдоду. Натыйжада, Түркиядагы секулярдык же дүниябий системанын гаранты эсептелген армиянын саясый турмушка болгон ролу чектелди.

Буга дейре армия өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаралууда деп, 1940-жылдан бери төрт ирет өкмөттү алмаштырган. Акыркы ирет 1997-жылы исламчыл премьер-министр Нижемиддин Эрбаканды Түркияны секулярдык жолдон бурууда деп, кызматтан кетирген. 12-сентябрдагы референдум генералдардын мындай омуроосуна чекит койот. Эми партияны генералдардын ыкласы менен тандалган сот эмес, парламент өзү тыйчу болот. Ошондон улам британдардын “Таймс” гезити “Түркиялык аскерлер салгылашта жеңилди, шайлоочулар конституцияны реформалоону жакташты” деп жыйынтык чыгарды. Азыркы конституция 1980-жылы 12-сентябрда төңкөрүш уюштуруп бийликти басып алган генералдардын жетеги менен эки жыл кийин 1982-жылы кабыл алынган болчу.

Экинчиден, реформа генералдарды граждандык сотто соттоого же отставкага чыккан генералдардын граждандык сотко кайтарууга жол ачат.
Премьер-министр Ражеп Тайып Эрдоган(солдо), президент Абдылла Гүл(ортодо) жана Армиянын штабынын башакими Илкер Басбуг. Анкара. 25-февраль 2010
Азыр аскерий адамдарды граждандык сот соттой албайт. Бул өзгөрүүлөрдү Европаны көздөй багыт деп атады “Индепендент” гезити.

Соттор генералдарды соттоочу болду

Мурда Конституциялык соттун 11 мүчөсү болсо, эми 18 мүчөсү болот. Буга катар парламенттин же башкаруучу партиянын соттун мүчөлөрүн жана прокурорлорду дайындоодогу ролу өсөт. Анткени, соттор менен прокурорлорду дайындоочу Жогорку Кеңеш реформаланат. Мурда Жогорку Кеңеште 7 гана мүчөсү болсо, мындан ары 22 адамдан турат. Алардын үчтөн бирин парламент шайлайт. Азыр парламенттеги орундардын үчтөн экиси исламчыл эсептелген Адилеттик жана өнүгүү партиясына таандык. Белгилей кетчү нерсе, Европа Союзу да береги сотторду дайындоочу кеңештин көз карандысыз жана Биримдиктин талабына ылайыктуу болуусу үчүн, аны реформалоого Анкараны үндөп жаткан. Бирок оппозиция сот системасын реформалоо Эрдоган башындагы исламчыл өкмөттүн сотторду саясый жактан көзөмөлдөөсүн күчөтөт деп, ага каршы турду.


Партия тыйылса да анын мүчөсү депутаттыгын жоготпойт

Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр аялдардын укуктарын дагы бекемдеп, балдарды кемсинтүүгө, алардын күчүн пайдаланууга тыйуу салат. Жумушчу-кызматчыларга бирден көп кесиптик союзга кирүүгө уруксат берет. Саясый иш таштоолорго да жол ачат. Мурда саясый иш таштоого же забастовкага уруксат жок эле. Болочокто кайсы бир партияга тыйуу салынганы менен, анын мүчөлөрү парламенттеги ордун жоготпойт. Ушундай маанилүү өзгөрүүлөрдөн улам АКШ жана Европа Биримдиги референдумдун жыйынтыгын колдошту. Же “Вашингтон Таймс” гезити жазгандай, референдум премьер-министр Эрдогандын жеңиши менен аяктады.

XS
SM
MD
LG