Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Социалдык тармактарга басым көрсөтүүгө каршы жыйын өтүүдө


Бүгүн “Социалдык тармактарга басым: кантип коргонуу керек” деген темада "тегерек стол" талкуусу өтүүдө. Ага оппозициячыл саясатчылар, жарандык коом өкүлдөрү, укук коргоочулар катышууда. Талкууда бийликтин социалдык тармактарды көзөмөлдөө аракетине каршы туруунун жолдору талкууланууда.

Жыйынга катышкан “Адилет” укук клиникасынын директору Чолпон Жакупова бийлик күндөн күнгө сөз эркиндигине кысымын күчөтүп жатканын билдирип, коомчулук буга каршы турушу керектигин белгиледи.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков бийликтин кысымынан улам жарандар өз пикирин ачык айтуудан корко баштаганын ырастады.(BkA)

XS
SM
MD
LG