Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:53

Түркмөнстанда эл аралык конференция өтүп жатат. Жыйын кечээ башталды. Анын күн тартибиндеги маселелер өлкөнүн өзү менен бирге энергия алган булактары жана жолдорун көбөйтүүгө умтулуп жаткан Евробиримдик үчүн да маанилүү.

“Энергияны ишенимдүү жана стабилдүү транзиттөө жана анын эл аралык кызматташтык менен туруктуу өнүгүүнү камсыздоодогу ролу” деген узун аталыштагы конференция Улуттар уюмунун колдоосу астында өткөрүлүп жатат.

Бул эл аралык жыйын Түркмөнстан менен азырынча анын негизги кардары катары эсептелген Орусиянын Газпром компаниясынын салтка айланган жылуу мамилеси ушул айда газ куурунда орун алган жарылуудан улам чыңала түшкөн учурга туш келди. 9-апрелдеги жарылуу түркмөн газынын Орусияга агымы убактылуу токтошуна алып барган эле.

Жарылуу Түркмөнстандын аймагында болгонуна карабай, расмий Ашхабад күнөөнү Газпромго жүктөөдө. Конференция катышуучулары арасында Орусиянын отун-энергетика комплексин тейлеген вице-премьер-министри Игорь Сечин, энергетика министри Сергей Шматко жана Газпромдун башчысы Алексей Миллер да бар.

Кайчылаш кызыкчылыктар

Энергия маселелери боюнча италиялык талдоочу Федерико Бордонаронун көз карашында, Орусиянын делегациясы конференцияда Европанын Түркмөнстандагы кадамдарына каршылык жасайт, ал эми түркмөн өкмөтү болсо бул мүмкүнчүлүктү өлкөнүн газы орус өкмөтүнүн менчиги эмес экенин көргөзүү үчүн пайдаланууга аракеттенет:

- Орусиялыктар Европанын ордуна Орусия менен кызматташуусун күчөтүүсү үчүн түркмөндөргө, Түркмөнстандын чечим кабыл алуучуларына абдан эле кысым көргөзөт. Түркмөндөр болсо, менимче, бул учурду өз өлкөсүн рекламалоо үчүн колдонушат. Анткени мен түркмөндөр Казакстандын жолун жолдоп тышкы саясатта, тышкы соодада жаңы доорду баштоону, көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүүнү каалайт деген бекем ишенимдемин. Түркмөндөрдө орусиялыктар эле эмес, кытайлар, ирандыктар, түрктөр, Евробиримдик менен жакындан иштешүү мүмкүнчүлүгү бар.

Орусиянын Газпрому учурда Түркмөнстандын экспортко багытталган көгүлтүр отунун дээрлик баарын сатып алып, Европага кайра кымбатыраак баада сатат. Айрым байкоочулар тескерисинче Ашхабад азыркы конференцияны Газпромдун өзүнө кысым көргөзүү үчүн колдонот деп жоромолдошкон эле. Анткени ушул жылдын 16-апрелинде расмий Ашхабад Германиянын бир компаниясы менен Орусиянын кыжырын келтиргидей келишимге кол койгон эле.

Энергия маселелери боюнча италиялык талдоочу Федерико Бордонаро мындай дейт:

- Немецтер түркмөндөр менен жаңы эле бурулуш жасоочу келишимге кол койду. Бул Транс-Каспий газ кууру үчүн кайрадан мүмкүнчүлүк ачууда. Ал өз кезегинде Набукко газ куурунун маанисин түшүнүнүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк жаратат.

Түркмөнстан менен өз ара түшүнүшүү меморандумун Германиянын RWE энергетикалык компаниясы түздү. Аталган компания– Набукко газ кууру долбоорунун алты акционеринин бири.

Набукко же Түштүк агым

Набукко - Каспий менен Борбор Азиядан: Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстандын жана Жакынкы Чыгыштан: Египет менен Ирактын газын Түркия, андан соң Болгария, Румыния, Венгрия аркылуу Австрияга чейин алып келүүнү караган долбоор.

Узундугу 3300 чакырымга жетүүчү куур жылына 31 миллиард кубометр газ өткөрө алат деп эсептелген. Бул Европа азыр керектеп жаткан газдын 10%ын эле түзөт, бирок кандай болгон күндө Евробиримдиктин көгүлтүр от боюнча Орусияга көз карандылыгын азайта алат. Газ кууру Орусиянын аймагына кирбейт, бирок азырынча бул долбоор боюнча бир жаңсыл чечим кабыл алына элек.

Москва болсо өз тарабынан Набуккого атаандаш Түштүк агым долбоорун колдойт. Бул долбоор да Борбор Азия менен Азербайжандан жылына Орусия сатып алган 31 миллиард кубометр газды Европага Кавказ аркылуу жетикирүүнү мерчемдейт.

Европа бул эки долбоордун кайсынысын биринчи орунга коюшу керектиги Болгариянын борбору Софияда бүгүн башталып жаткан жыйында сөз болчудай. Ал эми Түштүк корридор деп аталган долбоорлорду талкуулоо үчүн Евробиримдиктин энергетикалык саммити эки аптадан кийин Прагада өткөнү турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG