Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Түркмөнстанда Гурбангули Бердымухамедов жаңы бийликке келгенде, дүйнөдөгү эң жабык коомдордун катарындагы өлкөгө реформатор Горбачев келгендей сүйүнүшкөн.

Бирок алгачкы айларда айрым жылыштар болгону менен, андан берки үч жылда Түркмөнбашы Биринчинин ордун Түркмөнбашы Экинчи баскандыгына көз жетүүдө.

Гурбангули Бердимухамедов 2007-жылдын 11-февралында президенттик кызматына расмий киришкен. Ага чейин ал түркмөнбашы Сапармурад Ниязов алдыңкы жылдын этегинде, 21-декабрда көз жумгандан кийин бир жарым айча, мамлекет башчысынын кызматын аткарган.

Жаңы президент жакшы эле баштагандай болгон, «түбөлүк» президент Ниязовдун диктатуралык ыкмаларына салыштырганда, анын ар бир жарыясы нагыз демократиячыл болуп көрүндү.

Жаңы мамлекет башчысы шайлоо алдындагы убадаларын ишке ашырууну кечеңдеткен жок. Ниязовдун мезгилинде тогуз жылдык болуп калган орто билим берүүнү кайра 10 жылдыкка айлантты. Кесиби тиш доктур болгон Бердымухамедов Ниязов кереги жок деп эсептеген саламаттык системасын кайра калыбына келтирип, ооруканаларды кайра ачып, дарыгерлерди кайра ишке алды. Жаңы өлкө башчысы ошондой эле бардык түркмөн жарандары Түркмөнбашы Ниязовдун «Рухнама» деген багыттоочу китебин окуп, билиши керек деген милдетти алып салды.

Бир жылдан кийин Бердымухамедов элине минтип отчет берди:

Президенттик кызматка келгенде мен «мамлекет элге кызмат кылсын» деген ураан жарыялагам. Бул ураан менин сөздөрүм, жардыктарым, жана ар бир кыймыл-аракетим аркылуу ишке ашып жатат. Биздин өкмөт ушул ураандын жетегинде иш алпарууда. Бул ураан биздин идеологиянын түп-негизи болуп калышы керек.

Бирок анын аралыгында, президенттин башка, мисалы интернет байланышын кеңейтүү, унаа жана байланыш тармагын өнүктүрүү убадалары жарым-жартылай да аткарылбай тургандыгы түшүнүктүү боло баштады. Шайлоочулар ошондой эле көздөн учкан саясий реформалар да болбой тургандыгына көздөрү жетти.

Өлкөдө бийликчил Демпартиядан башка бир да саясий партия таанылган жок, бир да көз карандысыз маалымат каражаты катталган жок. Өлкөнүн ичиндеги көзөмөлдөп-өткөрүү бекеттери алынып салынды жана түркмөндөргө чет өлкөгө баруу анча-мынча жеңилдеди. Бирок өлкө мурдагыдай эле чет өлкөлүктөр үчүн дээрлик жабык бойдон кала берди.

Баары бир тең, Бердымухамедовдун жеке адамга кулдук уруучулукту кайра жандандырганы бир тең болду. Ал мурдагы президенттин мурастарын акырындык менен жок кылып келген эле. Түркмөнбашынын аты менен аталган көчөлөрдүн, ишкана, шаар-кыштактардын аттары өзгөртүлдү, ар бир гезиттин биринчи бетинде такай коюлчу сүрөттөрү алынды, анын келбети түркмөн акчасы манаттын бетине да басылбай калды.

Анын аралыгында, мурдатан тааныш «эл сүйгөн ханды» даңазалоо кайра башталды. Шайлоо комиссиясынын башчысы Мурат Гарриев былтыр күздө Бердымухамедовго өлкөдөгү эң жогорку сыйлыкты тапшырууну сунуш этти:

Бүткүл түркмөн элинин атынан мен парламенттен биздин сүйүктүү президентибизге «Түркмөнстандын баатыры» деген наам берүүнү суранам. Мен беш жаштагы баладан, токсондогу чалга чейин бул сунушту колдооруна ишенем.

Президент Бердымухамедов буга «Мурат ага! Рахмат, бул чынында да бардыгыбыз үчүн чоң жетишкендик» деп агынан жарылды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG