Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

ЛОНДОН УНИВЕРСИТЕТИНДЕ БОРБОР АЗИЯ МАДАНИЙ МУРАС КУРСУ АЧЫЛДЫ


Жаңыл Жусупжан, Прага Үстүбүздөгү айдан тартып Лондон университетинин Чыгыш таануу институтунда Борбор Азия элдеринин музыкалык мурастары боюнча жаңы курс ачылды. Ферганалык илимпоз Разия Султанова окуткан курс биздин аймактын маданиятын Батышта таанытуудагы маанилүү окуя болуп калды.

Советтер Союзу кыйрагандан бери Борбор Азия элдерин дүйнө бир топ эле таанып калды, бирок 10 жылдын ары бериси көп деле убакыт эмес окшобойбу, айтор дагы деле аймакта отурукташкан элдер менен катар көчмөндөрдүн бүтүндөй цивилизациясы бар экенин, бул элдердин тарыхын, анын ичинде музыкалык маданиятын бүгүн Батыштын илим очоктору болгон университеттерде да анчейин биле беришпейт. Мына ушул кемтикти музыка илимдеринин доктору Разия Султанова толуктап, Лондондогу Чыгыш таануу жана Африканы изилдөө институтунда атайын курс окута баштады.

Англиялык студенттер борбор азия элдери арасында ойнолгон аспаптар менен таанышып, видео тасмадан бул элдердин маданиятын өз көздөрү менен көрө алышат. 20-кылым жана көз карандысыздык доорундагы чыгармачылык жөнүндө сөз болгондо Профессор Султанова өзү жакшы тааныган кыргыз комузчусу жана ырчы Нурак Абдрахманов өңдөнгөн атактуу өнөрпоздор жөнүндө айтып бермекчи.

Азаттык менен маегинде Султанова Нурак Абдрахманов менен жакшы тааныш экенин, ал мындан үч жыл мурда Лондонго келгенде аны Голдсмит коллежинин студенттери менен жолуктуруп, концерт коюшканын, Абдрахманов студенттерге кыргыз ыр-күү салттары жөнүндө маек куруп бергенин эскерди.

12-январда башталган курс "Борбор Азия музыкасы жана коому" деп аталат жана анын чегинде этнография жана музыка таануучу студенттер дүйнөлүк цивилизациянын эң байыркы очокторунун бири болгон биздин аймакта музыканын коомдогу ордун окуп үйрөнө башташты. Алар 12-кылымда жашап өткөн Чынгыз Хандан тартып, Амир Темир менен Бабурдун доорундагы, орто кылымдарда Самарканд, Бухара, Коканд сыяктуу илимдин жана маданияттын борборлорунда хандардын жана эмирлердин ак сарайларында ойнолгон жана эл арасында ырдалган ыр-күүлөр туурасында да маалымат алышат.

Андижанда туулуп өсүп, Ташкенде, кийин Москвада консерваторияда окуп, докторлук диссертациясын жактаган Разия Султанова кыргыздардын музыкалык салтына айрыкча суктанат. Кыргызстанда бир нече жолу болгон илимпоз өзү түзүп, Чыгыш Таануу институтунун окуу программасына кирген жаңы курстун бир темасын: Аялдар жана Музыка деп атаптыр:

Аялдардын музыкадагы орду тууралуу бизде сөз болчу эмес. Бирок эгер айыл жерине барсак бизде суроо туулат. Ким бөбөктөргө алдей ырын ырдайт? Ким балдарга биринчи болуп ыр үйрөтөт? Албетте аялдар. Буга чейин буга назар салчу эмеспиз. Бирок бүгүн салттуу музыканын сакталып калышында аялдар эбегейсиз роль ойногонун ишенимдүү айта алабыз. Көптөгөн салттуу, элдик ырларды аялдар же балдар гана ырдашат. Балдарга ырларды энеси менен чоң эне, таенеси үйрөтөт. Башкача айтканда, аялдардын катнашы болгону үчүн Кыргызстанда жана Борбор Азиянын башка жумурияттарында музыкалык маданият өтө ар кыл жана бай.

Разия Султанова Англия менен салыштырганда, кыргыздарда салттуу маданият алда канча бай, ар кыл жана көркөм дейт жана бул үчүн биринчи кезекте аялдарга, энелерге рахмат айтышыбыз керек деп эсептейт.

Пост советтик доордогу маданий жаңыланууда музыкалык фестивалдарга чоң маани берилет:

Көз карандысыздыктын доорунда ар бир жумуриятта жаңыча музыка жаралууда. Мисалы Самаркандда «Шарк Тароналары» деп аталган фестивал бар. Эки жылда бир жума бою өткөн кароого 40тан ашык өлкөнүн өкүлдөрү келет. Бул жерде Чыгыш өлкөлөрү өздөрүнүн мыкты өнөрпоздору жана ырчылары менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк алышат. Казакстандагы Азия Даусын билесиздер. Кыргызстанда да бара бара ушундай фестивал кароолор уюштурулаарына ишенем.

Разия Султанова өзү пианино менен катар эки кылдуу дутарда кол ойнотот.
XS
SM
MD
LG