Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Британияда коалициялык өкмөт үчүн күрөш кызыды


Либерал-демократтар лидери Ник Клегг шайлоо аны катуу нааразы кылганын айтты. 7-май, 2010-ж.
Либерал-демократтар лидери Ник Клегг шайлоо аны катуу нааразы кылганын айтты. 7-май, 2010-ж.

Британияда соңку 30 жылдан ашуун мезгилден бери алгачкы ирет парламенттик шайлоодо бир да партия өкмөт кураш үчүн зарыл болгон көпчүлүк добушту топтой алган жок.

Оппозициячыл консерваторлор парламентте баарынан көп орун алып, эми бийликтеги лейбористтер өкмөттү башкарууга укугу жок деп билдиришти. Анткен менен, 1997-жылдан бери өкмөттү башкарып келаткан лейбористтердин премьери Гордон Браун башка партиялар менен өз ара сүйлөшүп, коалиция түзүү аракетин көрө баштады.

Гордон Браун шайлоодо азыраак добуш алган либерал-демократтар менен коалиция түзүшү мүмкүн. Бирок бул эки партия бириккен күндө да, парламентте көпчүлүктү түзө турган 326 мандатты топтой албай калышы мүмкүн. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, бийликтеги лейбористтер менен либерал демократтар ашып кетсе, 320га жетпеген мандатка ээ болушат. Ушу тапта Британиядагы 650 округдун 600дөн ашыгында добуштар саналып бүттү. Эң соңку жыйынтыктар 27-майдан кийин белгилүү болот, анткени бир округда талапкердин капилет өлүмүнө байланыштуу добуш берүү ушул күнгө жылдырылган.

Оппозициячыл консерваторлор алдын-ала маалымат боюнча, 300дөн ашыгыраак округда жеңип, алар да өкмөттү башкаруу укугуна ээ болуш үчүн коалиция түзүшү керек. Консерваторлор лидери Дэвид Камерон кантсе да, шайлоочулар жаңыланууну тандады деп белгиледи. “Бүткүл өлкө боюнча жыйынтыктарды али күтө турушубуз керек, бирок лейбористтик өкмөт биздин мамлекетти башкаруу мандатын жоготту деп азыр эле ишеничтүү айтсак болот”, - деди башкы оппозициячы.

Анткен менен, лейбористтер да оңой эле бийлик тизгинин башкаларга кармата салчу түрү жок. Учурдагы премьер-министр Гордон Браун өзү шайланган кичи мекени Шотландияда кабарчыларга кийинки аракеттери тууралуу буларды билдирди.

- Британиядагы шайлоонун соңку жыйынтыгы али белгисиз, бирок азыркы тапта бул добуш берүүдөн кийинки менин милдетим – Британияны туруктуу экономикалык өсүшкө жана узак мөөнөттүү саясий реформаларга алып бара турган стабилдүү жана ар кандай көз караш арасында мунаса табууга жөндөмдүү күчтүү өкмөт түзүү болмокчу.

Азыр эми шайлоодо 3-орунду алган либерал-демократтар кимди колдойт деген маселе баарынан маанилүү. Партиянын көпчүлүк активисттери консерваторлорго караганда лейбористтерге көбүрөөк ыктаарын айтышкан, бирок либерал-демократтар лидери Ник Клегг алдыдагы сааттарда, же бир-эки күн ичинде коомчулуктун катуу кысымына туш болуп, парламентте башкалардан көбүрөөк орун ээлеген консерваторлорго кошулуп кетиши мүмкүн деп боолгошот эксперттер.

Ник Клегг өзү өткөн түн ал үчүн чоң өкүнүч алып келгенин жарыялап, кайсыл партия жакынкы келечекте Британиянын шайлоо системасын реформалоону убада кылса, ошону колдой турганын кыйытты. Эгерде ар бир партия өлкө аймагында топтогон добуштардын санына жараша мандатка ээ болсо, анда либерал-демократтар азыркыдан 3 эсе көбүрөөк орун ээлешмек.

Азыр эми кайсыл партия тезирээк коалиция түзүп, шайлоодо жеңген башка партиялар менен тил табыша алса, мара ошонуку болот. Ага чейин британ премьери Гордон Браун өз кызматын аркалай берет. Балким, консерваторлор коалиция түзө албай калса, Браун премьер-министр бойдон кала берет, бирок парламентте ар бир мыйзамды өткөрүш үчүн өтө татаал жагдайга туш болот. Өкүлдөр палатасы менен өкмөт тирешип туруп алса, парламент таркатылып, мөөнөтсүз шайлоо чакырылат.

Айтор, ушу тапта Британиядагы алдыңкы партиялар арасында тынымсыз жана өтө татаал сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан чак. Жыйынтыгы жакын арада белгилүү болот.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG