Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

Британияда Ирактагы согуш тууралуу коомдук угуу башталды


Лондондо коомдук угуу башталганда эшикте пикетчилер Жорж Буш, Тони Блэр, Гордон Браундун канга боелгон маскаларын кийип турушту. 24-ноябрь, 2009-ж.

Лондондо коомдук угуу башталганда эшикте пикетчилер Жорж Буш, Тони Блэр, Гордон Браундун канга боелгон маскаларын кийип турушту. 24-ноябрь, 2009-ж.

Коомдук угууда экс-премьер Тони Блэр, мурдагы коргоо жана тышкы иштер министрлери, элчилер, коопсуздук кызматынын жетекчилери көрсөтмө беришет. Аны белгилүү юрист, сэр Жон Чилкот башында турган атайын комитет жүргүзөт.

Көптөн бери улам кийинкиге жылдырылып келген коомдук угуу шейшембиде Лондондо башталды, анда Британиянын АКШнын Ирактагы согушуна кошулуу чечими жана андан берки Иракта аткарган ролу каралмакчы. Экс-премьер Тони Блэр баш болгон бир катар мурдагы министрлер, ырасмий адамдар, чалгындоо кызматынын өкүлдөрү, аскер башчылар көрсөтмө берип, суроолорго жооп бере турган комитет иши коомдук чоң кызыгуу жаратты. Коомдук угууну жүргүзө турган 5 кишиден турган комитет жетекчиси, сэр Жон Чилкот шейшембиде талкууну ачып жатып, анын максаты – келечекте мамлекетти башкаруу жана маанилүү чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун ролун жогорулатуу экенин белгиледи.

- Биз Британия Ирактагы согушка аралашып калышына түрткү болгон түрдүү маанилүү жагдайларды жана окуя кийин кандай өнүгүп отурганын ачык-айкын түшүнүүнү каалайбыз. Адегенде жогорку расмий адамдардын, аскер башчылардын алар Ирактагы согуш башталаар алдында өкмөткө, министрлерге кандай кеңеш бергени тууралуу маалыматын угабыз. Ал маалымат 2001-жылдан бери британ саясатынын өнүгүү жолун жана анын аткарылышын жакшылап түшүнүүгө жол ачат. Биз эмне үчүн дал ошондой саясат тандалып алынганын жана башкача көз караштар жетиштүү көңүлгө алынган-алынбаганына эмнелер себеп болгонун так билишибиз керек.

Оппозициячыл тарап Тони Блэр коомчулукка туура эмес маалымат берип, 2003-жылы Британиянын Ирактагы согушка аралашып калышына ыңгайлуу өбөлгө түзгөн деп күнөөлөшөт. Жон Чилкот коомдук угуудан эл өтө көптү күтпөсүн дедиби, айтор биз сот эмеспиз, каралып жаткан иш кылмыш иши эмес деп белгиледи.

- Биз бул жерде мыйзам сакчылары, же соттун ролун аткарган жокпуз, бул тергөө, же кадимки сурак эмес. Маселе сотто каралып жаткан жери жок. Андыктан бирөөнү күнөөлүү, же күнөөсүз деп бүтүм чыгарбайбыз. Бирок ачык айтып коюшум керек, соңку жыйынтык докладга келгенде, эч кимден тартынып-кысынбай, ал мекеме-уюм, же жеке адам болобу, кетирилген каталарын ачык бетке айтып, сынга алабыз.

Сэр Чилкот антип чечкиндүү билдирүү жасаганы менен, сынчылар ал башкарган комитет мүчөлөрү азыркы премьер-министр Гордон Браундун иш кеңсеси тарабынан дайындалганын, андыктан толук көз карандысыз боло албарын айтышат.

Буга дейре 2004-жылы лорд Батлер башында турган комиссия мурдагы мамлекеттик кеңешчи Дэвид Келлинин өлүмүнө себеп болгон жагдайларды иликтеп, Ирактагы согуш башталаар алдында британ өкмөтү чалгындоо кызматынын маалыматына ашыкча маани берип, калпыстык кетирген деген бүтүмгө келген. Би-Би-Си корпорациясы “британ өкмөтү Ирактын химиялык жана биологиялык куралдары тууралуу жашыруун маалыматты көбүртүп-жабыртып жиберген” деп айыптаган кабарды аскердик эксперт Дэвид Келли айтканын ачыктоого аргасыз болуп, бийликтегилер кийин Келли өз өмүрүн өзү кыйды деп билдиришкен.


  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG