Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Минскиде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт


Минск.
Минск.

Анда Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын премьер-министрлери биримдикке мүчө мамлекеттердин аймагында товар өткөрүү, демпингге каршы чараларды, Евразия экономикалык комиссиясынын эл аралык ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди талкуулашат. Күн тартибинде Бажы кодексинин жаңы долбоору да коюлганын уюмдун расмий сайты жазып чыкты. Жыйында кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөл боюнча маселе да козголот.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болору менен чек арадагы фитосанитардык көзөмөл бекеттери алынышы керек эле. Тийиштүү чечим 2015-жылдын 8-майында кабыл алынган. Бирок, Казакстан аны аткарбай келе жатат. Расмий Астана фитосанитардык көзөмөл бекеттерин ушул жумада алып коюшу мүмкүн экендигин буга чейин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG