Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

К.ТАШБАЕВА: «МАНАС ОРДО» ЮНЕСКОнун ТИЗМЕСИНЕ КИРҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮНӨН АЖЫРАДЫ


Таластагы “Манас ордо” комплексиндеги казууларга илимий баа берүү үчүн ал жерге 1-августта Кыргызстандын Улуттук илимдер Академиясынын археология секторунун башчысы, ЮНЕСКОнун Борбор Азиядагы изилдөөлөр боюнча эл аралык институтунун директору Кадича Ташбаева барды. Анын айтымында, Кароол дөбөнү казып жаткан тарап окумуштууну казуу жүрүп жаткан жерге киргизбей, илимий баа берүүгө шарт беришкен жок. Ошентсе да, жалпы казуу тууралуу окумуштуунун алгачкы пикирин билүү үчүн Таласта жүргөн Кадича Ташбаева менен кабарчыбыз Бүбүкан Досалиева телефон аркылуу кыска интервью алды.

- Кадича айым, “Манас ордо” комплексиндеги казууларга окумуштуу катары кандай баа берип жатасыз?

- “Манас ордо” комплекси илгертен сакталып, корголуп жана изилденип келаткан тарыхый-археологиялык комплекс. Бирок, азыркы казуулар уруксаатсыз жүргүзүлуп жатат. Себеби, эстеликтерди казуу гана эмес чалгындоо жүргүзүү үчүн атайын уруксаат алыш керек. Андай уруксаатты Улуттук илимдер Академиясынан биз беребиз. Академиянын тарых институтунда талаа иштери боюнча атайын комитет бар. Эстеликтерди казуу эмес, иликтөө эле жүргүзүү үчүн ошондой уруксаат алыш керек. А буларда андай эч кандай уруксааты жок. Булар Мамлекеттик катчынын жана Абыкеевдин уруксааты бар деп айтып жатышат. Алардын уруксаат берүүгө эч кандай бийлик укугу жок. Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде археологиялык тарыхый эстеликтерди сактоо жана колдонуу тууралуу мыйзам бар. Ошол мыйзам боюнча илимий изилдөө жагына Улуттук академия жооп берет. Ал эми укуктук жагына, эстеликтер бузулуп жатабы, колдонуу туура болуп жатабы деген жагына Маданият министрлиги жооп берет. Улуу даражадагы мамлекеттик кызматкерлер өзүбүздүн мамлекеттин ошол мыйзамдарын бузуп жатпайбы. Ошондуктан, Грузиядан келген бир топ талкалагыч балкалар, кетмендер менен тоону казып кирип баратышыптыр. Бир дагы окумуштуу антип иштебейт. Биз бычак, күрөк, скальпел, щетка жана кыл калем менен акырын иштейбиз. Биздин өзүбүздүн методика бар. Ал методиканы бузууга биздин акыбыз жок. Себеби, методиканы бузсаң эстеликти бузасың. А Кароол дөбө таштан гана турган тоо. Илимде аутоиденттүүлүк деген түшүнүк бар. Ал эстелик жаратылышта кандай болсо ошондой сакталыш керек дегенди билдирет. А бул казуу тоонун көркүн, калыбын бузуп жатат. Ар бир сантиметр казылгандан кийин фиксация, башкача айтканда, сүрөткө тартылып, өлчөнүп жазылышы керек. Эч кандай мындай жумуш болгон жери жок да!

-Ошол жердеги казылган таштардын арасынан же буюм табылып жаткан болсо кандай тарыхый баалуулуктарды көрө алдыңыз?

- Кечээ келгенде эч кандай баалуу нерселерди көрө алган жокпуз. Себеби, казылып чыккан топурактардын баарын жок кылып коюшуптур. Мурда тартылган видеотасмада казылган таштарда сүрөттөр бар эле. Аны биз петроглифтер деп коебуз. Булар археологиялык эстеликти бузгандыгын жакшы билишет да, ошон үчүн казуудан чыккан топурактын баарын жок кылып коюшуптур. Сүрөтү жок жөнөкөй эле таштарды арыктын жээгине тизип коюшуптур.

-Эми ошол тарыхый эстеликти кайра калыбына келтириш үчүн Кыргызстандын тарыхчылары мамлекеттик деңгээлде кандай аракеттерди көрөсүздөр?

- Бир эстеликти бузгандан кийин кайра аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Бузулду да! Эми казууну токтотуу керек, анан тарыхчыларды баарын чогултуп жазабыз. ЮНЕСКОго чейин жазабыз. Себеби, ЮНЕСКОдо бүткүл дүйнөлүк мурастар деген атайын бөлүм бар. Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер өз ишин билбестен ушундай тарыхый эстеликти бузуп киргендигин жазабыз. Анткени, былтыр эле ЮНЕСКОнун эксперттери келип өтө уникалдуу, баалуу эстеликтер кире турган дүйнөлүк тизмеге киргизүү үчүн Кыргызстандагы ондон ашык эстеликти көрүп кетишкен. Ошол алдын-ала түзүлгөн тизменин арасында ушул “Манас ордо” комплекси да бар эле. ЮНЕСКОнун эксперттери комплексте музей болгон үчүн менеджмент жакшы экен деп өзгөчө белгилеп кетишкен. Эми бул жерде ушундай жумуштар жүрүп жатканын билгенден кийин ЮНЕСКО аны карабай да коет. Ушуну кантип түшүндүрүп, кантип билдирүүгө болот?

- Анда маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG