Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

ЮНЕСКО: 51 томго сыйган жалпы тарых


Кыргыз тарыхчысы, профессор Анара Табышалиева ЮНЕСКОнун тарых симпозиумунда. 2009-ж., 05-октябр. Париж ш.

Кыргыз тарыхчысы, профессор Анара Табышалиева ЮНЕСКОнун тарых симпозиумунда. 2009-ж., 05-октябр. Париж ш.

ЮНЕСКО 57 жыл ичинде дүйнө жана аймактар тарыхын чагылдырган ири беш жыйнакты даярдап, анын дээрлик бардыгын басмадан чыгарды. Париждеги ЮНЕСКОнун баш кеңсесиндеги эл аралык симпозиум дал ушул жыйнактардын илимий маанисине арналды.


Дүйшөмбүдө (5-октябрда) ЮНЕСКОнун башкеңсесинде “ЮНЕСКОнун жалпы жана аймактык тарых китептери” аттуу эл аралык симпозиумду ачып жатып, ЮНЕСКОнун учурдагы Башкы директору Коитиро Мацуура (Koichiro Matsuura) жалпы адамзат цивилизациясынын тарыхын бул эл аралык уюмдун сүрөөнчүлүгү жана жетекчилиги астында жазуу ишинин тарыхына кыскача токтолду.

2010-жылы “Ислам маданиятынын ар кыл өңүттөрү” атттуу соңку сериянын акыркы тому жарык көрөт. “Ошону менен ЮНЕСКО 57 томго сыйдырылган беш ири жыйнакты жарыялоо жараянын соңуна чыгарууда”, - деди Мацуура.

Бул беш жыйнакты жазууга бүт дүйнө жүзүнөн 1800дөй тарыхчы, этнограф, археолог жана башка илимпоздор тартылды. Алардын арасында кыргызстандык тарыхчылар Асан Абетеков (археолог), Анара Табышалиева (тарыхчы) жана башка адистер, казак, өзбек, тажик, орусиялык, ирандык, индиялык, түркиялык жана башка өлкөлөрдүн илимпоздору бар.

Аймактык тарыхтарды, маселен, Ирандан Монголияга чейинки ири аймак камтылган кеңири Борбордук Азия чөлкөмүнүн цивилизациялык тарыхын жазууда авторлордун үчтөн экисин тийешелүү аймактардан чыккан (жергиликтүү) тарыхчылар түздү.

Мурда чет жердик оторчулуктун (колониялык башкаруунун) алдында болгон элдердин (алардын ичинде африкалыктардын) тарыхы, ошентип, идеологиялык кысым жок шартта өз өкүлдөрү тарабынан жазылды.

Бул жана башка маалыматтар симпозиум учурунда ортого салынып, айрым көйгөйлөр боюнча кызуу талкуу да жүрдү.

Француз тарыхчы жана журналисттери Жаклин Генар (Jacqueline Henard) айым жана Эммануэл Лорентин (Emmanuel Lorentin) мырза алып барган илимий талкуу учурунда Африка, Латын Америкасы жана Азия тарыхына жаңыча сүңгүүдөгү саамалыктар жөнүндө арбын кеп болду.

Маселен, ирандык тарыхчы, профессор Шахрийар Адл мырза өткөндү бир беткей жамандай бербестен, айрым көрүнүштөргө калыс баа берүү зарылдыгын айтты. Анын пикиринде, маселен, 13-кылымдагы Чыңгыз-хандын мамлекетинде бир гана диндин өкүлдөрү үстөмдүк кылган эмес, диний сабырдуулук (толеранттуулук) азыркы коомго да үлгү боло тургандай орун алган.

Ливиялык профессор Идрис ал-Харейр болсо ислам дини да тынчтыкка чакырган дин деп баса айтуу менен бирге, азыркы тапта да ислам дүйнөсүнүн маданиятын үстүрт аңдап, бир беткей тон бычкан замандаштар бар экенин өкүнүү менен белгиледи.

Ислам маданиятынын өңүттөрү тууралуу ЮНЕСКОнун бул жыйнагы жалпы дүйнө коомчулугунун ислам өлкөлөрүнүн маданиятын калыс аңдоосуна жардам берет деп үмүт байлайм, деди профессор ал-Харейр.

Ал эми профессор Адл болсо Ооганстандын Бамиян аймагындагы тарыхый бутпарас эстелигинин талиптер тарабынан 21-кылымдын башында ойрон кылынганын түркөйлүк окуясы катары эскерип өттү.

ЮНЕСКОнун бул беш сериялык жыйнагы дүйнөнүн ар кыл аймактарына жана өлкөлөрүнө таалим берүү каражаты, окуу куралы катары кеңири таркатылышы керек жана бул китептерди англис тилинен ар кыл тилдерге которуу абзел. Талкуу учурунда ушул сыяктуу арбын сунуштар айтылып жатты.

“Азаттык үналгысы” үчүн курган маегинде “Борбордук Азия цивилизацияларынын тарыхы” деп аталган алты томдук жыйнактын түзүүчүлөрүнүн бири, теги ирандык Ирене Искендер Мошири айым эми жыйнак орус тилине да которула баштаганын айтты.

Ал эми ЮНЕСКОнун кызматкери Клара Исак кызы айым болсо бул жыйнакты интернет аркылуу жана ДВД (DVD) түрүндө кеңири калайыкка бекер таркатуу жолдору иликтенип жатканын “Азаттыкка” маалымдады.


ЮНЕСКОнун Башкы директорлугуна 22-сентябрда шайланган болгар дипломаты Ирина Бокова. ЮНЕСКО симпозиуму. 2009-ж., 5-октябр. (“Азаттык”).


Симпозиумга катышкан сыйлуу коноктордун арасында ЮНЕСКОнун Башкы директору болуп 22-сентябрда шайланган болгариялык дипломат Ирина Бокова айым да болду.

(Ал эми ЮНЕСКОнун азыркы жетекчиси Мацуура мырзанын кызматтык мөөнөтү быйыл ноябрда соңуна чыгат).



Шейшембиде (6-октябрда) симпозиумда ар башка аймактарда жана өлкөлөрдө ЮНЕСКОнун бул тарых жыйнактарын заманбап таалим-тарбия куралы ирээтинде колдонуунун мултимедиялык жана башка усулдарын иштеп чыгуу маселелери талкууланмакчы.
XS
SM
MD
LG