Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Италияда кар көчкү алдында калган отуз киши табыла элек


Куткаруучулар.
Куткаруучулар.

Жергиликтүү бийликтин маалымдашынча, алар дагы деле дайынсыз. Бийлик алар набыт кеткен болушу ыктымалдыгын айтууда. 18-январда жер титирөөдөн уланган кар көчкүнүн алдынан эки адамдын сөөгү табылган. 19-январда кечке жуук эки киши куткарылганы кабарланды.

Дайынсыз жоголгондордун ичинде Rigopiano мейманканасынын кызматкерлери жана тургундары бар. Издөө иштерин жүргүзүүгө аба ырайынын катаалдыгы тоскоол болууда. Акыркы күндөрү бул аймакка 5 метрлик кар күрткүсү түшкөн.

18-январда Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 5.4 баллга жеткен жер титирөө болгон эле.

Акыркы бир нече айда эле жер титирөө Италияга көп жоготууларды алып келди. Август айында болгон силкинүүдөн дээрлик 300 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG