Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

Аба-ырайындагы өзгөрүүлөргө арналган дүйнөлүк жыйын ачылды


Копенгагенде экологдор уюштурган пикетте кардан жасалган аюу "тирүүлөй" кескиленди. Декабр, 2009-ж.

Копенгагенде экологдор уюштурган пикетте кардан жасалган аюу "тирүүлөй" кескиленди. Декабр, 2009-ж.

Копенгагенде БУУнун глобалдык климатка арналган конференциясы башталды. Жыйында аба-ырайынын акырындап ысып баратышы, анын келечектеги эң кооптуу кесепеттерин жойуу аракети сөз болууда.

Улуттар уюмунун климаттагы өзгөрүүлөргө арналган конференциясы даниялык балдар хорунун аткаруусундагы ырдын коштоосунда ачылды. Баарыбыз жашап жаткан планетаны болочок муундарга канткенде ойдогудай сактап, суу, аба, жаныбар-өсүмдүккө зыян келтирбей, алар менен бирге адамзаттын жашоо коопсуздугун камсыздай алабыз деген суроо дүйнөлүк жыйындын башкы темалары болмокчу. Копенгагенде 192 өлкөнүн расмий өкүлдөрү, илимпоз-адистери чогулду, 12 күнгө созула турган талкуунун соңку бөлүгүнө кеминде 100 мамлекет башчысы катышаары күтүлүүдө.

Дүйшөмбү күнү дүйнөлүк жыйынга кожоюндук кылган тарап катары Даниянын премьер-министри Ларс Локке Расмуссен дээрлик бардык өлкөлөрдөн чогулган 15 миңдей илимпоз, эксперт, бейөкмөт уюм өкүлдөрү жана расмий адамга кайрылып: “Адамзат келечеги алдындагы өтө олуттуу көйгөйлөрдү чечиш үчүн татаал, бирок абдан зарыл кадамдарды жасай турган эки жумалык жыйынга кош келипсиздер”, - деп билдирди.

Дүйнө лидерлери өз ара алдыдагы он жылдар аралыгында жер жүзүндөгү орточо аба температурасы 2 градустан ашпай тургандай деңгээлге жетишүүнү макулдашкан. Антпесе, Дйүнөлүк банктын соңку докладында айтылгандай, бир катар аймактар, анын ичинде мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөр глобалдык жылуулуктун кесепеттерин эмитен тарта баштады. Европа менен Борбор Азия чөлкөмүндө аба ырайы туруксуз болуп, климат акырындап ысып баратканы, андан улам келечекте суу запастары азайып, бороон-чапкын, суу ташкыны, сел каптоо күчөй турганын эскертет Дүйнөлүк банк.

Кыргызстандык “Мөңгү” аттуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Үрүстөм Кабылбеков жер жүзүндөгү орточо температура бир эле градуска көтөрүлө турган болсо, анын кесепеттери өтө коркунучтуу болорун эскертет. Анын айтымында, 2025-жылы дүйнөдө абанын орточо температурасы 3 градуска жетсе, айрым эсептөөлөргө караганда, Кыргызстанда орточо температура 4,6 градуска чыгышы мүмкүн. Анда биздин мөңгүлөрдүн баары болбосо да, көбү эрип жок болот. Окумуштуулар атүгүл ал маалда Кыргызтан тропикалык аймакка кирип калат деген ойдо.

Бишкектик эколог Кабылбеков эскерткендей, адистер эмитен эл аралык деңгээлде шашылыш аракеттер көрүлбөсө, азыркы кыргыз аска-зоосундагы 8200дөй карт мөңгүдөн 200дөйү гана калат деп боолгошот.

Андай кескин өзгөрүүлөрдү болтурбай, глобалдык климатты турукташтырыш үчүн чукул көрүлчү иш-аракеттер эң ириде өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдө башталышы керек. Анткени дал ошол алдыңкы өлкөлөрдөгү ишкана-заводдордон бөлүнүп чыгарылган көмүр кычкыл газы жердин үстү жагына парник газынын топтолушуна алып келип, аба ырайына таасир этүүдө деген пикир арбын.

Адистердин айтымында, кырдаалды өзгөртүш үчүн көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну алдыдагы 20 жылда 25-40%га, 2050-жылга дейре 50%га азайтуу зарыл. Андай чечим далай экономикалык пайдалуу, кирешелүү долбоорлорду токтотуп, эң башкысы энергиянын жаңы, кайра толтурулчу булактарына өтмөйүнчө ишке ашпайт. Ал эми өнөр жайы күн санап өсүп-өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн андай альтернативдүү энергия булактарына өтүүгө каражат-кудурети аз.

Эколог адистер эмитеден жылына глобалдык климаттагы өзгөрүүнү токтотуш үчүн 100 млрд евронун тегерегинде каражат сарптоо керек деп эсептеп чыгышкан. Андан улам бул каражаттын көбүн кайра эле өнүккөн өлкөлөр көтөрүүгө аргасыз болчудай.

Айтор, Улуттар уюмунун Копенгаген конференциясы кандай жыйынтык алып келээри азырынча белгисиз. Ал тапта глобалдык жылуулук көйгөйүн көбүртүп-жабыртып, кезектеги саясий шоуга айландырышты деген пикирлер да жарыяланууда. Аба-ырайындагы кескин өзгөрүүлөрдү алдын-алыш үчүн 2012-жылы мөөнөтү аяктай турган Киото протоколунун ордуна дүйнө коомчулугу жаңы документти кабыл алышы керектигинен дээрлик эч ким күмөн санабайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG