Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Дүйнөдө бир миллиарддай кишинин ичерге тамагы жок


Чад: Абубакардын үй бүлөсү бир жумада тамак-ашка 1,5 долларга жетпеген акча коротот.
Чад: Абубакардын үй бүлөсү бир жумада тамак-ашка 1,5 долларга жетпеген акча коротот.

Дүйнө лидерлери Римде чогулуп, жер жүзүндө тамак-аш жетишсиздигинен ач-карын жашоо сүрүп жаткан 1 млрд адамга жардам берүү жолдорун талкуулап жатат.

Жыйынга баарынан бай өлкөлөрдүн жетекчилери катышпай калгандыктан, ал максатына жетпейт деп күмөн санагандар арбын.

3 күндүк жыйынга чогулгандар былтыр дал ушул маалда дүйнөдө тамак-аштын баасы кескин кымбаттап, далай өлкөлөрдө эл ызы-чууга алдырып, мисалы, күрүч жетпей кымгуут болгонун эскерүүдө. Римдеги Азык-түлүк саммитин ачкан сөзүндө Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун бир жыл мурда күчөгөн тамак-аш кризиси дүйнөдө миллиондогон үй-бүлөлөрдү жакырлыктын сазына түрткөнүн белгиледи.

- Бүгүнкү тамак-аш кризиси эртеңкини ойлоп ойгонгула! - деген коңгуроо кагыш. 2050-жылы жер жүзүндө адамдардын саны 9 миллиарддан ашып, азыркыдан 2 миллиардга көбүрөөк болушу ыктымал. Калктын саны антип өсүп жаткан чакта аба-ырайы өзгөрүп баратат. 2050-жылы биз тамак-аштын 70%ын эгип-өстүрүп алышыбыз керек болот. Ал тапта аба-ырайы бузулуп, дүйнөнүн ар кайсы жагында суунун запасы азайып, айыл-чарба талаалары кургап баратат.

Тамак–аш жетишсишдиги жана ачарчылык маселелери Римдеги жыйындын күн тартибине ошол былтыр күч алган кризистен улам киргизилген. Былтыр азык-түлүк баасы кымбаттап, базарда кымгууттук жаралганы айрыкча Азия жана Африкадагы өлкөлөргө кесепетин тийгизди. Анткени колунда бар мамлекеттер кандай болуп кетет деп, кампаларына азык-түлүктү ашыгы менен толтуруп, чет өлкөлөрдө айыл-чарба аянттарын сатып алууга ашыгышты.

Андан улам кедейирээк өлкөлөрдө тамак-аш жетишпей, ачарчылык мурдагыдан көбүрөөк калкты каптаган чакта, өткөн жайда алдыңкы сегиз өлкөнүн лидерлери Италияда чогулуп, келээрки 3 жыл ичинде дүйнөдө ачарчылыкты азайтууга 20 млрд доллар бөлүүнү убада кылышкан.

Бирок ушул аптада Римде өтүп жаткан жыйынга андагы сегиз лидердин ичинен бирөө гана, жыйынга кожоюндук кылган өлкө - Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони катышууда. Аны менен кошо азык-түлүк кризисин Африка жана Латын Америкадан келген Ливиянын жетекчиси Муаммар Каддафи жана Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе өңдүү мамлекет башчылары талкууламакчы.

Улуттар уюмунун Азык-түлүк программасы ар жыл сайын дүйнөдө айыл-чарба тармагын колдоп-өнүктүрүүгө 44 миллиард доллардай каражат бөлүү зарыл деп эсептеп чыкканы менен, Римдеги жыйында финансы маселелери өзүнчө каралбайт.

Мындан 7 жыл мурун тамак-аш боюнча алгачкы дүйнөлүк саммит өткөндө, 2025-жылга чейин ачарчылыкты жоюу белгиленген эле, эмки программаларда “колдон келишинче тезирээк” деп жазылып калды. Лондондо жайгашкан Эл аралык саясат борбору Улуттар уюму улам жыйын өткөргөнү менен, дүйнөдө азыр 2002-жылкыга караганда ачарчылыкта жашагандардын саны кыйла көбөйдү деп белгилейт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG