Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Дүйнөлүк улуттардын кезектеги жыйыны


Нью-Йорк -- Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын кезектеги сессиясын баш катчы Пан Ги Мун ачат.

Нью-Йорк -- Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын кезектеги сессиясын баш катчы Пан Ги Мун ачат.

Нью-Йоркто бүгүн Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 64-сессиясы ачылат. Анын башталышындагы талкууларга 120 өлкөнүн президенттери менен премьер-министрлери, ырасмий өкүлдөрү катышат.

Сессиянын ачылышында Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун доклад жасайт. Андан соң жалпы саясий талкуулар башталат. Жарыш сөзгө биринчилерден болуп Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва чыгат.

Мындан эки күн мурда Бразилия Гондурастагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын чакырууну талап кылган эле. Быйыл жайда аскери төңкөрүштүн айынан чет жакка качканга аргасыз болгон гондурас президенти Мануэл Селайя өткөн аптада өз өлкөсүнө кайтып келип, Бразилиянын Гондурастагы элчилигине жайгашкан эле. Бразиялык бийликтер өз дипломаттарынын коопсуздугунан чочулап жатышат.

Биринчи күнү жарыш сөзгө катыша тургандар арасында Ливиянын лидери Муаммар Каддафи бар. Нью-Йоркто ага чатыр тиккенге жер издеп, "такылеттик полковниктин" кишилери таза убара болушту. Каддафинин дипломаттары аз жерден жергиликтүү шылуундардын жеми болуп кала жаздашты. Нью-Йорктун борбордук бакчасына чатыр тиккенге шаар бийликтери уруксат беришкен жок. Акыры Нью-Йорктон кыйла алыс жерден чоң багы бар бир үйдү ижарага алышты.

Америкалыктар кезинде Шотландиянын Локерби шаарчасынын үстүндө жарылган учакка Каддафинин тиешеси болгон деп шектенишет. 270 жүргүнчү жайран болгон ошол ойрондуу ишти уюштурганы үчүн өмүрү өткөнчө түрмөгө кесилген ливиялык жаранды айыккыс оорусуна байланыштуу жакында шотланд бийликтери боштондукка чыгарышкан эле. Каддафи аны менен атайын жолугуп,ал-жайын сураган. Каддафинин дегеле Нью-Йоркко келишине байланыштуу жергиликтүү активисттер нааразылык демонстрацияларын өткөргөнү жатышат.

Ирандын президенти Махмуд Ахмединежадга каршы да ушундай эле иш-чаралар пландалууда. Бүгүнкү жарыш сөздөрдө ал адаттагыдай эле бир катар өлкөлөрдүн атына акаарат айтышы мүмкүн. Нью-Йоркко жөнөр алдында Тегерандагы сөзүндө Ахмединежад Иранга согуш ачканга батынган өлкөнүн "колун жулуп" салам деп кесенди.

Түштөн кийинки талкууларда Чехиянын президенти Вацлав Клаус сөз сүйлөйт. Ал дүйнөлүк климат жылып баратканы тууралуу кептерди "жомок", "жаңы дин" кыяпта карап, мындан эркиндикти чектеп, дүйнөдөгү экономикалык жана социалдык түзүлүштү өзгөртүү мүдөөсүн көргөндөрдүн бири. Бул темага арналган кечээки дүйнөлүк саммитти жана анын жыйынтыктарын Клаус "пропаганда" деп атады.

Баш катчы Пан Ги Мун,тескерисинче,саммит аталган проблема боюнча дүйнөлүк келишим түзүү мүмкүндүгүнө жол ачканын белгиледи. "Биздин позициялар жакындады,өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөр ортосунда ишеним пайда болду. Мунун баары орой көз чарай отуруп сүйлөшкөн талкуулардын аркасында жаралды", - деп айтты ал.

Жыйында АКШ менен Кытай дүйнөлүк климаттын жылышына каршы күрөшкө кошулганга макул болушту.

Улуттар Уюмуна ушу тушта 190 өлкө кирет. Башкы Ассамблеянын сессиясы декабрга чейин уланат.
XS
SM
MD
LG