Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Обама дүйнөлүк көйгөйлөрдү чогуу-чаран чечүүгө үндөдү


АКШ президенти Барак Обама БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен. 23-сентябрь, 2009-ж.

АКШ президенти Барак Обама БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен. 23-сентябрь, 2009-ж.

Бүгүн Нью-Йоркто ачылган Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясына жүз жыйырмадан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары чогулушту.

Жыйынды БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун ачып, Улуттар уюму дүйнө коомчулугунун үмүтү болушу керек деп белгиледи: “Биздин мезгил келди. Улуттар уюмуна “бириккен” деген сөздү кайтаруу зарыл. Бирдиктүү максат, аракеттер бирдиктүү болушу керек”.

Башкы ассамблеянын алгачкы күнү АКШ президенти Барак Обама сөз алды, кечирээк Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад чыгып сүйлөөрү күтүлүүдө. Обаманын жардамчылары алдын ала АКШ президенти Улуттар уюму менен Америка ортосунда жаңы мамилелер башталаарын айтат деп маалымдашкан. Көп жылдардан бери Вашингтонду Улуттар уюмун өз кызыкчылыктарында пайдаланат, басым көрсөтөт деп сындап келишкен.

Айткандай эле Барак Обама көптөн күттүргөн сөзүн баарыбыз биригип, бардык кызыкчылыктар эске алынган багытка түшөлү, бири-бирин урматтап сыйлаган дүйнөлүк саясат жүргүзөлү деп үндөдү. “Америка бардык маселелерде, ал адам укуктары болобу, абактардагы уруп-кыйноо болобу, бардыгында башкаларга үлгү болгондой саясат жүргүзөт”, - деп ишендирди АКШ президенти. Америка дүйнөлүк бардык проблемаларды чечип бере албайт, баарыбыз жоопкерчиликти бөлүшүп көтөрөлү. Улуттар уюму дүйнөдөгү бардык көйгөйлөр ушул жерде чогуу-чаран талкуулашып чечилет деген үмүттө түзүлгөн. Дүйнө жүзү азыр туш болгон көйгөйлөргө каршы тийиштүү аракеттер көрүп баштай элекпиз, азыркы эң башкы 4 көйгөйдү атай кетейин, - деп сөзүн улантты Барак Обама: “балдарыбыздын келечегин ойлосок, ушул 4 көйгөйдү чечүү жолдорун табышыбыз керек. Алар - массалык кыруучу куралды жайылтууну токтотуу, жалпы куралсызданууну жолго коюп, коопсуздук менен бейпилдикти камсыздоо, баарыбыз жашап аткан планетаны коргоп, айлана-чөйрөгө кам көрүү жана баарыбызды байланыштырган дүйнөлүк экономикалык кризис”.

Обамадан башка Жапониянын премьер-министри Юкио Хатояманын доклады кызыктуу болчудай, ал Азияда Евросоюздай Биримдик түзүп, орток акча киргизүүнү сунуш кылган. Жапонияны 50 жылдай башкарган либерал-демократтарды жеңип, жакында бийликке келген демократтар лидери Хатояма Нью-Йоркко эртерээк барып, Кытайдын президенти Ху Цзинтао менен жолугушту.

Кабарларга караганда, эки жетекчи анда эки элдин мамилесин жакшыртуу ниетин билдиришти. АКШ президенти Барак Обама да БУУнун жыйыны алкагында жаңы жапон премьери менен кездешип сүйлөшөт, андан сырткары ал Ливиянын лидери Муаммар Каддафи менен да жолугаары белгиленген. Ливияны 40 жылдан бери башкарып келаткан Каддафи Улуттар уюмунун жыйынына алгачкы ирет катышууда. Обама андан башка орус президенти Дмитрий Медведев, Кытайдын лидери Ху Цзинтао менен да өзүнчө кездешет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG