Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Президент Обама: АКШ жаңыча кызматташууга даяр


Президент Обама БУУнун Башкы Ассамблеясынын 64-сессиясында сүйлөөдө.
Президент Обама БУУнун Башкы Ассамблеясынын 64-сессиясында сүйлөөдө.

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 64-жыйыны өтүүдө. Президент Барак Обама сессияда сүйлөп, дүйнө лидерлерин “кызматташунун жаңы дооруна” өтүүгө үндөдү.

Президент Обама БУУнун Башкы Ассамблеясында биринчи ирет сүйлөдү. Обама мурдакы президент Буштан айырмаланып, Улуттар Уюму менен үзүрлүү кызматташам деп, ал бийликке АКШга ишенбөөчүлүк кеңири жайылып турган кезде келгенин белгиледи:

- Бул бир жактан өзгөчөлүү саясатка каршы чыккандан жана кээ бир талуу маселелерде Американын башкалардын кызыкчылыгын көзгө илбей, бир жактуу аракеттенгенинен улам болду.

Обама Ак Үйгө келгенден берки сегиз айда Вашингтон көп маселелерди чечүүдө, анын ичинде экономикалык кризиске каршы күрөштө тыш өлкөлөр менен макулдашып иш жүргүзгөнүн, Кошмо Штаттар БУУнун Адам укугу боюнча кеңешине киргенин айтып, башка өлкөлөрдү дүйнөлүк проблемалардан четте турбоого үндөдү:

- Американы жалгыз аракеттенди деп сындагандар Америка дүйнөлүк проблемаларды жалгыз чечет деп күтүп тура албайт. Биз сөз жана иш жүзүндө дүйнө менен кызматташунун жаңы дооруна умтулдук. Баарыбыз үчүн дүйнө чакырыктарына каршы жоопкерчилик алчу убакыт келди.

Обама ядролук куралдарды жайылтууну - түп көтөрө күрөшчү алаамат деп атап, Иран жана Түндүк Корея ядролук программасынан баш тартышпаса, аларга каршы эларалык коомчукту чечкиндүү чара көрүүгө чакырды:

- Эгер Иран жана Түндүк Корея эларалык стандарттарды көзгө илбесе; алар ядролук куралдарды регионалдык стабилдүүлүктөн, коопсуздуктан жана өз элинин мүмкүнчүлүгөн жогору койсо; алар Ыраакы Чыгышты жана Жакынкы Чыгышты озуна ядролук куралдануунун коркунучуна түртсө, жоопко тартылышы керек.

Франциянын президенти Николя Саркози Башкы Ассамблеяда сүйлөп, Иран ядролук программасынан баш тартпаса, бул “трагедиялуу жаңылыштык” болорун эскертти. Иран жетекчилиги эларалык коомчулук Тегерандын ядролук аскерий программасын тынч байкап турат деп ойлосо, жаңылат, деп кошумчалады Саркози.

БУУ Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу МАГАТЭ сунуш киргизсе, жаңы санкция иштеп чыгууга Россия да катышат. Бул жөнүндө Батыш агенттиктери БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына келген россиялык делегациянын белгисиз калууну калаган мүчөсү.

Барак Обама ошондой эле АКШ кызматташууда өз ара кызыкчылыкка негизделип, тараптардын кызыкчылыктарын сыйлаган жаңы доорду баштоого даяр экенине токтолду.

- Биз бурулуш мезгилге жеттик. Кошмо Штаттар бардык улуттардын укугун жана жоопкерчилигин тааныган эларалык кызматташунун жаңы этабын баштоого даяр.

Ал Палестин-Израил чатагы саалгытпай чечилчү маселелерден экенине да көңүл бурду.

Обама Вашингтон Чоң жыйырмага кирген ири өлкөлөр менен чогуу финансылык кризиске себепчи болгон “ач көздүк менен ысырапкорчулукту” тыйчу эрежелерди иштеп чыгаарын да айтты.

АКШ президентинен кийин сүйлөгөн Ливиянын лидери Муаммар Кадафи БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүн Улуттар Уюмунун хартиясын бузууда деп сындады жана беш өлкөнүн вето укугун жоюп, Кеңештин мүчөлөрүн көбөйтүүнү сунуш кылды. Ливиянын 40 жылдан бери башкарып келаткан Кадафи буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн эмес.

XS
SM
MD
LG