Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Пхенян сүйлөшүүлөрдөн чыкты


Түндүк Корея - Пхенян 5-апрелде ракетасын сынаган эле.

Түндүк Корея - Пхенян 5-апрелде ракетасын сынаган эле.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынаганын айыптаган резолюция кабыл алды. Буга жооп кылып Пхенян өзүнүн атомдук программасына байланышкан алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөн чыкканын жарыялады.

Коопсуздук Кеңеши ушул айдын башталышында Түндүк Корея өткөргөн сынамыкты кескин айыптады жана аны ракета сынактарына тыюу салган Улуттар Уюмунун 2006-жылдагы резолюциясына каршы келет деп тапты. Мындан тышкары Пхенянга каршы экономикалык санкцияларды жана курал-жарак эмбаргосун күчөтүүнү уюмдун атайын комиссиясына табыштады.

Санкциялар канчалык өлчөмдө катаал болот,азырынча белгисиз.Кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү жаңы резолюциянын өзү эле Пхенянга кыйла катуу эскертүү экенин белгилешкен эле.

Коопсуздук Кеңеши бир добуштан билдирүү кабыл алып,5-апрелдеги ракета сынакты кескин айыптаганына АКШнын толук коомуту толгонун Вашингтондун өкүлү Сюзан Райс ырастады.

Пхенян бийликтери болсо өз кезегинде Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын өлкөнүн "суверенитетине жана улуттук кызыкчылыгына зыян келтирген" чечим катары баалап, "чечкиндүү" сынга алды.

"Мындан ары алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнүн кажети калган жок. Мындай сүйлөшүүлөргө биз эми эч качан катышпайбыз", - деп айтылат тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Пхенян мурда жетишилген келишимге жараша токтотулган атомдук ишканаларын баштапкы түрүндө кайра тикелегенге киришкени, алардын толук кубатта иштешине жетишкени жатат. Билдирүүдө Түндүк Корея "өзүнүн ядролук күч-кубатын колдон келген бардык чаралар менен бекемдей турганы" да көрсөтүлөт.

Пхеняндын бул чечимдерине арачылар өкүнүч билдиришти. Россия менен Япония түндүккореялыктарды сүйлөшүүлөргө кайтып келүүгө чакырышты. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров эмоциялуу реакцияларга карабай алты тараптуу талкуулар жакын аралыкта уланарына, Корей жарым аралын атом куралынан арылтууну көздөгөн жалпы максатка жетүү үчүн жаңы кадамдар жасаларына үмөткөр экенин бышыктады.

Кытай бардык тараптарга кайрылып, байистүү болууга кеңеш берди. Пекиндин элчиси Коопсуздук Кеңешинде "резолюция өтө кыйчалыш учурда" кабыл алынганын эскертип, бирок аны колдоп добуш берген эле.

Пхенянга катаң чаралардын кабыл алынышына такай каршы чыгып жүргөн Кытайдын бул жолку чечимине Пекиндеги элдик университеттин эксперти Ши Йанхонг таң калганын жашырбады.

"Түндүк кореялыктардын ракета учурганына кытай өкмөтү өткөн апталарда кандай мамиле жасаганын эске алсак, менимче, мындан тышкы саясаттагы чукул бурулушту көрүүгө болот. Дипломатиялык иштерде Кытайдын позициясы мынчалык ыкчам жана кескин өзгөргөнү буга чейин өтө эле сейрек кездешкен көрүнүш эле",- деп айтты Ши.
XS
SM
MD
LG