Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

Улуттар Уюмунун тынчтык күчтөрү: тарыхы, озуйпасы жана орду


Косоводогу тынчтык сактоочу күчтөрү

Косоводогу тынчтык сактоочу күчтөрү

Ушул тушта дүйнөнүн ар кайсы бурчунда Улуттар Уюмунун тынчтык сактоочу күчтөрүнүн катарында 124 миңден ашуун кишилер кызмат кылышат. Соңку он жылдыкта алардын мааниси кескин жогорулады, келечекте мындан да өсөт деп айтылууда. Эл аралык бейпилдик күчтөрү биринчи ирет 1948-жылы Жакынкы Чыгышта жайгаштырылган, ошондон бери жер шарынын ар кайсы бөлүктөрүндө ушундай максаттагы 63 операция өткөрүлгөн, алардын он үчү азыр да уланууда.

Эки оттун ортосунда

Ник Бирнбак алгач ирет 1998-жылы Улуттар Уюмунун тынчтык күчтөрүнүн курамында Босния-Герцеговинадагы операцияларга катышкан. Кайсы бир күнү өлкөнүн батыш ыптасындагы Дрвар шаарында улгайган бир серб абышканы кемпири менен үйүндө ким бирөөлөр өлтүрүп кетишет. Жергиликтүү сербдер муну хорваттардан көрүп, бат эле улут аралык жаңжал тутанып, эл аралык күчтөр эки оттун ортосунда калат.

"Жергиликтүү калктын жаалы кайнап, аламандап чыгышты, бир нече жерге өрт коюшту. Биздин жайларыбыз, машиналарбыз да өрттөлдү. Элдин кысымы менен персоналды ал жерден чыгарып кеткенге туура келди, айрымдарыбыз жарадар болдук, кара тополоң бат эле башка жерлерге да жайылып, будуң-чаңга түштү",- деп эскерет Бирнбак биринчи бейпилдик операцияга катышкан учурун. Азыр ал Улуттар Уюмунун бейпилдик операциялары боюнча департаментинин өкүлү болуп иштейт. Кезинде тынчтык күчтөрүнүн катарында Чыгыш Тимордо, Эритерияда жана Либерияда кызмат кылды.

Дрвардагы ошол окуяны Бирнбак бейпилдик операциялары маалындагы бир гана эпизод катары мүнөздөйт. Мындай жагдайлар өтө көп болот. Соңку беш жыл аралыгында эле тынчтык күчтөрүнүн катарынан ар кайсы аймактарда 700дөн ашуун киши набыт болду.
"Көк каскачандар" адатта араздашкан тараптар ортосуна бута болгон абалда калышат.

"Биз эл аралык коомчулуктун биринчи эмес, акыркы реакциясы болобуз. Бизди адатта жагдайга эчтеме жардам бербей, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткен учурда жөнөтүшөт. Ошондуктан бизге ишти жайдак жерден баштоого туура келет",-дейт Бирнбак.

Операциялар канчага созулат?

Тынчтык операцияларына адатта алты айдан бир жылга чейин мөөнөт берилет. Бирок зарылдыгы чыкканда Коопсуздук Кеңеши алардын мандатын узарта алат. Айрым операциялар ондогон жылдарга созулуп кетиши ыктымал. "Кансыз согуш" жылдары башталган он үч миссиядан бешөө алиге чейин бүтө элек. Кипрге, маселен, "көк каскачандар" 1964-жылы киргизилген, алардын озуйпасы азыр да уланууда.

Мозамбиктеги (1992-94), Камбоджадагы (1991-93) операцияларды Улуттар Уюму ийгиликтүү аяктаган озуйпаларга кошот. Гаитиге эл аралык күчтөр 1993-жылы киргизилип, 2000-жылы чыгарылган эле, бирок 2004-жылы кырдаал кайрадан кыйындап, дагы бир операция баштоого туура келди.

Оңунан чыкпаган озуйпага 1995-жылы Боснияда Улуттар Уюмунун тынчтык күчтөрүнүн көзөмөл аймагына кирген Сребеница шаарында серб армиясы 8 миңдей мусулманды кырып салган окуяны кошуп жүрүшөт. 1994-жылдагы Руандадагы кызыл кыргынды да эл аралык тынчтык күчтөрү токтото алган эмес, бул өлкөдө айрым эсептерде 800 миң кишинин өмүрү кыйылган.

Улуттар Уюмунун тынчтык күчтөрүн киргизүүнү уюмга мүчө болгон ар бир өлкө, алардын тобу Коопсуздук Кеңешинен сурана алат. Бул маселе адегенде кеңеште колго салынат, резолюция толук колдоого алынышы керек. Ошондон соң баш катчы бейпилдик күчтөрү киргизиле турган өлкөгө же аймакка эксперттер бригадасын жөнөтүп, жагдайды иликтеп чыгат жана кандай чараларды көрүү керектигин Коопсуздук Кеңешине сунуш кылат. Маселе экинчи ирет добушка коюлуп, тынчтык операциясына мандат берилет.

Тынчтык согуштан арзан

Бейпилдик күчтөрүн белгилүү бир мааниде алганда дүйнөдөгү ыктыярдуу эң ири контингент десе болот. Улуттар Уюмунун туруктуу армиясы жок, "көк каскачандар" составына кирген аскер жана полиция күчтөрүндө азыр дүйнөнүн 115 өлкөсүнөн, негизинен өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн, анын ичинде Борбор Азиядан Кыргызстан менен Тажикстандан ыктыярдуу адамдар кызмат кылышат.

Улуттар Уюмунун тынчтык сактоо операциялар департаментинин ушу таптагы башчысы Ален Ле Ройдун айтымында, кадрлар жагынан, сыягы, проблема болбойт окшойт.

"Мен көп өлкөлөрдө болдум, алар баштагыдай эле биздин операцияларга катышкысы келет, солдаттар менен полицмендер арасында да биздин катарда кызмат кылганга ынтызарлар көп",-дейт ал.

"Көк каскачандардын" операцияларын финансылоого быйыл 8 миллиард доллар каражат каралган. Бул сумма жалпы мамлекеттер аскерий чөйрөгө сарптаган жалпы каражаттын бир процентине жетпейт. Ушундан улам "тынчтык согушка караганда алда канча арзан турат" деген укумчул кеп айтылып жүрөт.

Тынчтык операцияларын каржылоо жагын негизинен өнүккөн өлкөлөр өздөрүнө алышат. Эң чоң донор деп АКШ саналат, Вашингтон бардык каражаттардын 27 процентин көтөрөт. Анын соңунан Япония, Британия, Германия жана Франция турат.

Акыркы кезде бейпилдик күчтөрүнө аялдар да тартыла баштады. Алар азырынча аз,бирок келечекте көбөйөт деп ишенет Клер Хатчисон.

"Айрым аймактарды, мисалы, Ооганстанды же башка маданияттарды алып көрсөңөр, аялдарды мындай ишке аралаштырмак турсун алар менен сүйлөшкөнгө уруксат берилбейт. Ушундай шарттарда аялдар жакшы арачы боло алат, эркектер жасай албаган иштерди алар жакшы аткарат", -дейт Хатчисон.

Бейпилдик күчтөрүндөгү аялдар контингенти биринчи мерте 2007-жылы Либериядагы операцияларга катышты. Ошондон кийин бул өлкөдө полицияда иштеген жергиликтүү аялдардын саны сегиз эсе көбөйдү.

Улуттар Уюмунун кандай кереги бар?

Акылгөй кишилердин бири айткандай, адамзат тынчтыкта жана адилет жашоого үйрөнгүчө дагы бир топ мезгил керек. Согуш, жакырчылык жана адам укуктарынын бузулушу азырынча баштагыдай эле кеңири таралган көрүнүшкө кирет. Дал ушул себептен улам Улуттар Уюму зарыл жана аны ар тараптан өнүктүрүү талап кылынат. Эгер Улуттар Уюму болбогондо дүйнө мамлекеттери анын ордуна баары бир башка уюм түзмөк, анын аталышы,балким, башка болмок, бирок ага ушу туштагы Улуттар Уюму аркалап жаткан милдеттер жүктөлмөк.
XS
SM
MD
LG