Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсү бүгүнкү жыйынында өзөктүк куралсыздандыруу боюнча АКШ сунуштаган резолюцияны бир добуштан кабыл алды.

Резолюцияда өзөктүк куралды таркатпоого чакырык айтылган.

Коопсуздук кеңеши Бириккен улуттар уюмунун тарыхында болгону бешинчи жолу чогулуп олтурат. Анда алгачкы ирет АКШнын президенти жетекчилик кылууда.

“Биз азыр эле кабыл алган тарыхый резолюция өзөктүк куралы жок дүйнөгө жетишүү максатыбызды ишке ашырууда баарыбызга бирдей жоопкерчиликти жүктөйт жана Коопсуздук кеңешине өзөктүк коркунучтарды токтотуу боюнча аракеттерге укук берет”, - деди АКШнын президенти Барак Обама.

Бул жыйын Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын экинчи күнүндө өтүп жатат жана жалаң гана өзөктүк куралды таркатпоо маселесин көтөргөн алгачкы чогулуш.

Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү тең – АКШ, Орусия, Кытай, Британия жана Франция, - баарында атомдук куралы бар. Бирок атомдук куралы болбосо да, аны таркатпоо келишимине кол койгон мамлекеттер бир топ жылдардан бери өзөктүк куралы бар өлкөлөр өздөрүнө алган милдеттенмелерди аткарбай эле, калгандарды сындаганды жакшы көрүшөт деп, айыптап келатышат.

Бүгүн, Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын экинчи күнүндө, Ирактын президенти Жалал Талабани, Грузиянын мамлекет башчысы Михаил Саакашвили жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган сүйлөйт деп күтүлүүдө.

Ассамблеянын алгачкы күнү да күчтүү, оюн дипломатиялык тил менен жашырбай, маселени тикелей айткан лидерлердин билдирүүлөрү менен өттү.

АКШнын президенти Барак Обама анын администрациясынын саясаты эми глобалдык маселелерди биргеликте чечүүгө негизделээрин билдирди. Бирок башка өлкөлөр да өзүнө жүктөлгөн милдет үчүн жооптуу болушу лаазым деди ал.

“Американы “дүйнөдө бүт эле маселени өзү чечкиси келе берет” деп айыптап келгендер эми четте карап тура беришпейт, - деди ал. - Биз эми сөзүбүз менен да, ишибиз менен да дүйнө менен биргеликте жаңы доорду баштоого аракет кылып жатабыз. Эми баарыбыз үчүн дүйнөдөгү глобалдык маселелер үчүн жоопкерчиликти бирдей ала турган учур келип турат”.

Улуттар уюмунун Ассамблеясынын алгачкы күнүндө бул уюмдун өзүнө карата да катуу сын айтылды. Ливиянын президенти Муаммар Каддафи уюмдун Коопсуздук Кеңешин демократияга каршы аракеттенген бөлүм деп айыптап, узакка созулган сөз сүйлөдү.

Анын айтымында, Коопсуздук Кеңешиндеги беш туруктуу мүчөнүн басымдуу бөлүгү ал жерге Экинчи дүйнөлүк согушта жеңгени үчүн гана кирип калган.

“Азыр Коопсуздук кеңеши коопсуздук феодализмине айланып калды, андагы беш туруктуу мүчөнүн саясий феодализмине айланды, - деди ливиялык лидер. - Алар бизге каршы. Ошондуктан Коопсуздук кеңеши эмес, Террор Кеңеши деп аталышы керек!”.

Ассамблеянын биринчи күнүндө сүйлөгөн Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад да Улуттар уюмун, анын Коопсуздук кеңешин катуу сындады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG