Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

“Дүйнө эли 2009-жылда”: Кыргызстанга кыскача сереп


Кыргызстанда мектеп курагындагы балдардын 96 пайызы гана окуйт

Кыргызстанда мектеп курагындагы балдардын 96 пайызы гана окуйт

Аптанын шаршемби күнү Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнө калктарын изилдөө кору жылдык жаңы изилдөөсүн жарыялады.

Эл аралык адистер даярдаган “Дүйнө эли 2009-жылда” деген изилдөө түрдүү өлкө калктарынын саламаттыгы, өсүү ырааты, саламаттык сактоо тармагындагы жагдай сыяктуу улут үчүн маанилүү маалыматтарды камтыйт.

Борбор Азия өлкөлөрү улуттун саламаттыгын сактоого Словакия, Венгрия, Словенияга караганда эки эсе аз каражат жумшайт.



Кытай. Бээжинде алтынчы ирет өткөн эгиздердин фестивалына жүздөгөн апал-үпөлдөр катышты. 6-октябрь 2009
Улуттар Уюмунун бул изилдөөсү үй-бүлөнү пландаштыруу, улуттун саламаттыгы жана көбөйүүсү, ошондой эле гендердик мамилелердин аба ырайынын өзгөрүүсүнө тийгизчү таасирине айрыкча көңүл бурат. Анткени, соңку жүз жылда Жер бетиндеги температура 0,74 гарудска ысыган. Аба бир процентке жетпей ысыганы менен, анын натыйжасында айлана чөйрөгө бир кыйла зыян келтирип, адамзаттын жашоосуна коркунуч туудурган. Ошого катар эле “Дүйнө эли 2009-жылда” деп аталган изилдөөдө Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан элинин саламаттыгына тиешелүү маанилүү маалыматтар берилген. Алардын ичинен, бөбөктөрдүн чарчап калуусу, энелердин өлүмү сыяктуу Кыргызстандын экономикасы жана болочогу үчүн баалуу көрсөткүчтөргө токтололу.

Кыргызстанда миң жаңы төрөлгөн наристенин 36сы чарчап калат. Бул орточо дүйнөлүк көрсөткүчтөн аз. Бирок Европанын Кыргызстандай эле 5 миллион калктуу өлкөлөрү Словакия, Хорватияга салыштырмалуу беш эсеге жогору. Энелердин өлүмү да Борбор Азия өлкөлөрүндө Чыгыш жана Ортолук Европанын мурдакы коммунисттик өлкөлөрүнө салыштырганда бир топ көп. Бул эмнени түшүндүрөт?

БУУнун Дүйнө калктарын изилдөө корунун жооптуу кызматкери Хэнг Верненин айтышынча:


- Бул аялдар менен балдардын ден соолугуна көбүрөөк коркунуч бар экенин, өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы жакшы өнүкпөгөнүн жана начар абалда экенин айгинелейт. Бул Борбор азиялык аялдардын көп төрөгөнүнө, кыздардын эрте күйөөгө чыгып, жаш курагында төрөй баштаганына жана наристелер өлүмү региондо жогору экенине байланыштуу да көрүнүш.

Мындай абалга карабай, Борбор Азия өлкөлөрү улуттун саламаттыгын сактоого Словакия, Венгрия, Словенияга караганда эки эсе аз каражат жумшайт. Мисалы, Кыргызстан саламаттыкты сактоого ички дүң продукциянын 2, 8 процентин, Түркмөнстан - 2,5 процентин, Өзбекстан - 2,4 процентин, Казакстан - 2, 3 процентин, килейген Кытайда - 1,9 процент, Тажикстан болсо 1, 1 процентин жумшайт. Ошол эле учурда айтылган өлкөлөрдө акыркы жылдары күч колдонуу органдарына жана өкмөттүк чиновниктерге сарпталган чыгым өсүп жатканы байкалат.

Дагы бир улуттун келечеги үчүн маанилүү жана көңүл бурчу көрсөткүч-мектеп жашындагы балдардын баштапкы мектепке баруусун алсак, Кыргызстанда мектеп курагындагы балдардын 96 проценти, кыздардын 95 проценти окуйт.

Экономикалык абалы Кыргызстандан начарыраак эсептелген Тажикстанда мектеп курагындагы балдардын баары мектепке барат.
XS
SM
MD
LG