Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Адам укуктарын окутуу ойдогудай эмес


Kyrgyzstan -- Neal Walker, head of UN in Bishkek, 23oct2009.
Kyrgyzstan -- Neal Walker, head of UN in Bishkek, 23oct2009.

24-октябрь - Бириккен улуттар уюмунун күнү. БУУ 2009-жылды “Эл аралык адам укуктары багытында билим берүү жылы” деп жарыялаган. Кыргызстандык укук коргоочулар адам укуктары жаатындагы билим берүү жакшы болбой атканын айтышууда.

Бириккен улуттар уюму (БУУ) Кыргызстанда 17 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ошол 1992-жылдан бери Кыргызстан да БУУнун күнүн белгилөөгө катышып келет. Жыл сайын 24-октябрда белгиленчү БУУнун күнү быйыл адам укуктары жаатындагы билим берүүгө багытталган.

Бул күнгө байланыштуу бүгүн болгон иш-чараларда укук коргоочулар, бийлик өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү адам укуктары боюнча билим берүүнү жакшыртуу маселесин талкуулашты.

БУУнун Кыргызстандагы координатору Нил Уолкер мырзанын айтымында, жалпысынан Кыргызстандын адам укуктарына байланышкан мыйзамдары жакшы экендиги айкын. Бирок маселе аларды иш жүзүндө аткарууда жатат. Н.Уолкер мырза буга байланыштуу төмөндөгүдөй мисалдарды келтирип өттү:

- Өткөн жылдын октябрында Ноокатта элдик камоолор болуп, натыйжада камалган адамдарга карата кыйноолор колдонулган. Ошондой эле ушул жылы өткөн президенттик шайлоодо массалык камоолор болгон, элдердин өз эрки менен чогулуу укугу бузулган. Андан тышкары камалгандар адвокаттык кызматтан пайдалануу укугунан ажыратылган. Бириккен улуттар уюму бул боюнча тынчсыздануусун кыргыз өкмөтүнө билдирген. Биздин көз карашыбызда мындай элдик чыңалуулардан кийин кыргыз өкмөтү жаңы кадамдарга, адам укуктарын бузбаган кадамдарга барууну ойлонушу керек..

Нил Уолкер мырзанын пикиринде, 17 жылдан бери Кыргызстанда адам укуктары жаатында бир катар жакшы иштер да жасалды. Кыргызстан адам укуктары жаатында эл аралык документтерге кол коюп, милдеттенмелерди да моюндады.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, адам укуктары жаатындагы сабаттуулукту жогорулатууда бир катар тоскоолдуктар болууда. Адам укуктарына көз жумган жагдайлар өкмөттө да кездешип келатканын айткан акыйкатчы, укуктук билим берүүнү мектептерде гана эмес укук коргоо органдарында да өркүндөтүү керек болуп турганын баса белгиледи:

- Биздин элибиз, жалпы калк укуктук жактан сабатсыз болуп атат. Шаар жергесиндеги адамдар гана кичине укуктук жактан түшүнүгү бар. Ал эми негизги адамдар күнүмдүк жашоолору менен алпурушуп, укуктарын билбей атышат. Так ошол укуктук билим жаатында БУУ абдан чоң иштерди аткарып келатышат. Эгерде булардын жасаганын жасап, улуттук деңгээлде иштерди жасасак, анда биздин деңгээл жогорулайт эле. Тилекке каршы ойдогудай болбой атат, көп тоскоолдуктар бар. Андай тоскоолдор бийлик баскычтарында да бар. Бөрк ал десе баш алгандар болуп атат.

“Балдардын укуктарын коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын пикиринде, адам укуктарын окутуу мектептерде да жакшылап колго алынып, керек болсо сабак катары дайыма өтүп турса жакшы болмок. “Анткени дал ошол адам укуктарын жакшы билбегендик мектептеги рекетчиликтин өсүшүнө түрткү берүүдө”,- дейт Н.Турдубекова:

- Кыргызстанда мектептерде жана жогорку окуу жайларында адам укуктарын коргоо боюнча билим аз берилет. Бирок мен бир нерсени айтып кетейин. Мектептерде рекетчилик деген нерсе эмнеден улам пайда болуп атат? Ал деген так ошол балдардын адам укуктарын жана башкалардын эркиндигин билбегенден улам келип чыгып атат.

Укук коргоочулардын айтымында, Борбор Азия аймагында Кыргызстан адам укуктары жаатында салыштырмалуу алдыда болгону менен чечиле элек маселелер абдан көп. Маселен, тынч жана куралсыз чогулуу эркиндигинин чектелиши, сөз эркиндиги боюнча абалдын оорлошу сыяктуу жагдайлар тынчсыздандырып келет. Буга байланыштуу бийликке жолдонгон толгон-токой кайрылуулардан жакшылыктуу майнап чыкпай келатат.

XS
SM
MD
LG