Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

БУУ: Карыялар дискриминацияга көбүрөөк кабылууда


Аксакалдар - коом таразасы жана таянычы. 2009-жыл.

Аксакалдар - коом таразасы жана таянычы. 2009-жыл.

Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, 2050-жылга карата дүйнөдөгү ар бир бешинчи киши 60 жаштан улуу болот. Бирок айрым өлкөлөрдө улгайган кишилер дискриминацияга көп кабылып келет. БУУ улуу муундун өкүлдөрүн коомдук турмуштан четте калтырбоо, аларга ар дайым камкордук көрүү керектигин белгилейт.

Медицина жана илимдин жетишкендиктери, социалдык-экономикалык өнүгүү адам баласынын өмүр узундугуна оң таасирин тийгизүүдө. Бирок бул – жашоо сапаты сөзсүз жакшырып жатат дегенге жатпайт. Тескерисинче, адамдар карган сайын алардын турумушу начарлап, социалдык колдоо азая баштайт.

Улуттар уюмунун акыркы маалыматтарына ылайык, өнүгүп келаткан өлкөлөр улгайган адамдардын көбөйүшүнө даяр эмес болуп чыкты. Атап айтканда, алар үчүн медициналык жайлар, карылар үйлөрү, аларды тейлеп, багуу үчүн кызматкерлер жетиштүү эмес.

Ушул жумада Нью-Йоркто БУУнун сүрөөнчүлүгү менен өткөн форумда белгиленгендей, көпчүлүк мамлекеттерде 60 жаштан ашкан адамдардын социалдык жана юридикалык укуктары дээрлик корголбойт, алардын саясий күчү же таасири да жок.

- Дүйнөнүн көпчүлүк жерлеринде расизм, адамдарга жынысына карап мамиле кылуунун салттык көрүнүштөрү азайып баратса, каргандарды дискриминациялоо тескерисинче көбөйгөн, - деди Адам укуктары боюнча жогорку комиссариатынын өкүлү Крэг Мохибер.

Кытай улгайган адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орундарда турат. Өлкөнүн 1 бала күтүү саясаты үй-бүлөдөгү салтуу мамилелерди өзгөртүп жатат, - деп айтты БУУнун экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин башчысы Ша Цуканг.

- Калктын улгаюусу үй-бүлөдөгү өзгөрүүлөргө да алып келүүдө. Балдардын саны азайгандыктан, чал-кемпирлерди бага тургандар да жок.

Мындан 3 жылдай илгери Дүйнөлүк банк изилдөөсүн жарыялап, ушундай эле тенденция Чыгыш Европа жана мурдагы СССРдин өлкөлөрүндө жайылууда деген тыянакка келген. Россияда, маселен, балдар аз төрөлүп жатат. Келерки 20 жылдын ичинде өлкө калкынын саны 12 процентке төмөндөшү ыктымал. Орус бийлиги ушу тапта демографиялык кризисти чечүү керектигин белгилеп, балалуу үй-бүлөлөргө акчалай жардам берүү өңдүү мыйзамдарды кабыл алып келатат.

Ушул марттан баштап Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 2 жарым миң сомду түзмөкчү. Бирок жылуулук, электроэнергия бааларынын кымбатташын эске алганда, бул каражат менен жан сактоо дээрлик мүмкүн эмес. Өзгөчө кароосуз, балдары же жакындары жок карыялар алардын жашоосу эми кыйындайт дешүүдө.

Адистердин баамында, Кыргызстанда акыркы кезде карылар үйлөрүндө күн өткөргөн кыргыз абышка-кемпирлер көбөйдү. Азаттыктын Бишкектеги кабарчысы сөзгө тарткан песнионер апалардын бири сүт менен этти бир нече айдан бери көрө электигин айтат:

- Пенсиям 1 жарым миң сом. Ал эч нерсеге жетпейт. Үйгө, бардыгына төлөйм, кышында көмүрдөн тартып 300 сомдон төлөйм. 1 жарым миң сом 30 күнгө жетмек беле? Эт көрө элекмин, сүт эмес.

Улуттар уюму буга чейин карган адамдардын маселелерин бир нече ирет чоң масштабда козгогон. Тактап айтканда, 1995-жылы Копенгагенде Социалдык өнүгүү боюнча дүйнөлүк саммит, 2002-жылы Мадридде калктын улгаюусуна арналган чоң жыйын өткөрүлгөн. Тилекке каршы, карылардын укуктарын эларалык деңгээлде коргоо же алардын сакталышына көзөмөл салуу боюнча эч кандай келишим иштелип чыга элек.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG