Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Жоочулар Киркук шаарында бир нече жайга кол салышты


Киркук шаары, 21-октябрь, 2016-жыл.
Киркук шаары, 21-октябрь, 2016-жыл.

Согушкерлер Ирактын Киркук шаарында жана айланасындагы бир нече жайга чабуул коюшту. Расмий маалыматка караганда, жанкечтилер полиция бөлүмүн жана Иран куруп жаткан электрстанцияны бутага алышкан. Кагылышта коопсуздук кызматынын бери дегенде 6 аскери жана 8 согушкер, ошондой эле курулушта иштеген 11 киши, анын ичинде эки ирандык окко учту.

Киркуктун губернатору Нажмадин Карим жоочулар өкмөттүк имараттарды басып алышпаганын билдирди. Мунайга бай аймак Багдаддан 300 жана ушу тапта экстремисттерге каршы операция жүрүп жаткан Мосулдан 170 чакырым алыстыкта орун алган.

XS
SM
MD
LG