Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Кышкы универсиадага Кыргызстандан 10 спортчу барат


Универсиада өтө турган аймактын долбоору.
Универсиада өтө турган аймактын долбоору.

Алматыда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк Кышкы универсиадага Кыргызстандан 10 спортчу барат. Таймаштар 29-январдан 8-февралга чейин уланат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, тоо лыжасынан Евгений Тимофеев жана Максим Гордеев, лыжа мелдешинен Тариэл Жаркымбаев жана Кундуз Абдыкадырова, биатлондон Николай Матвеев катышат. Сноубординг боюнча Тимур Губаев, Евгений Кузьмин, Алексей Вакурин жана Павел Вакурин, муз бийинен Кристина Бедросова күч сынашат.

Студенттердин таймашы саналган Универсиадага эки миңден ашуун студент келери кабарланган. Оюндар Алматыда Универсиада өтө турган аймактагы сегиз объектте уюштурулат.

XS
SM
MD
LG