Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

АКШнын ири он банкына 75 миллиард долларды ким берет...


Ак Үйдөн жардам алган АКШнын ири банктары менен финансылык мекемелеринин башчылары Конгресстеги угуу учурунда. Вашингтон. 11-февраль 2009

Ак Үйдөн жардам алган АКШнын ири банктары менен финансылык мекемелеринин башчылары Конгресстеги угуу учурунда. Вашингтон. 11-февраль 2009

Кошмо Штаттардын 19 чоң банкынын ону кошумча капиталга муктаж экенин бейшемби күнү жарыяланган “стресс-тест” көрсөттү. Алардын ичинен “Бэнк оф Америка” 33,9 миллиард долларга муктаж. Ак Үйдүн демилгеси менен өткөрүлгөн иликтөө банктар кээ бир финансы эксперттери болжогондон бир кыйла кубаттуу экенин да айкын кылды.

АКШ өкмөтүнүн демилгеси менен өткөрүлгөн иликтөө же “стресс-тест” өлкөдөгү 19 менчик ири банктын онуна 75 миллиард доллар кошумча акча керек экенин айкын кылды. Бул иликтөө менен Барак Обаманын администрациясы АКШнын ири банктарына болгон
Президент Барак Обама муктаж банктарга акчаны кайдан табат?
ишенимди калыбына келтирүүнү да көздөгөн эле.
-Жалпысынан алганда, (АКШлык) банктар өкмөткө жардам сурап кайрылышпайт. Лондондук эксперт Ховард Вилдон. 7-май 2009


Сынак учурунда экономикалык рецессия улана берген шартта, банктарда насыя бергенге канча мезгилге чейин кудурети жетери эки сценарийдин негизинде аныкталды. Биринчи тесттин шарты боюнча, АКШдагы жумушсуздук келерки жылы 8, 8 процентке жетип, турак үйлөрдүн баасы быйылкыдан 14 процентке арзандайт. Экинчи тесттин шартында 2010-жылы жумушсуз 10, 3 процентке өсүп, там-жайлардын баасы быйылкыга салыштырмалуу 22 процентке төмөндөйт деп болжолдонгон.

Кошмо Штаттардагы банк кризиси негизинен үй сатып алуу үчүн берилген алашем насыянын кесепетинен келип чыккан. Ошон үчүн экономиканын мүмкүн болчу өнүгүүсү эсептелгенде турак үйлөрдүн баасы эске алынган.
Изилдөө-сынак айкын кылгандай, “Бэнк оф Америка”, “Уэллс Фарго”, “Ситигруп” жана “Морган Стэнли” банктарынын кошумча капиталга болгон муктаждыгы башка банктарга караганда бир кыйла чоң экен. Алардын ичинен “Бэнк оф Америкага” 33, 9 миллиард доллар керек.

Лондондук эксперт Ховард Вилдондун пикиринче, акчага зар банктар өкмөттүн сыйыртмагына илинбөө үчүн керек капиталды кирешесиз тармактарын сатуу аркылуу табууга аракет кылышат:

- Жалпысынан алганда, (АКШлык) банктар өкмөткө жардам сурап кайрылышпайт. Менин оюмча, биз кризистин жардам сурачу мезгилин артта калтырдык. Абалы оорлогон банктар ишмердигинин кээ бир түрлөрүн сатып, андан түшкөн каражатты өз корун көбөйтүү үчүн пайдаланчудай болуп турат.

Ал эми АКШнын финансы министри Тимоти Гайтнер сынак банктардын насыя берүүсүн иретке салуу, “экономиканын кадыресе нукка түшүүсү” жана "өлкөдө жетерлик каражат бар экенине жакшылап ишенүү үчүн" өткөрүлгөнүн билдирди. Сынак инвесторлордо ишенимди жаратып, мамлекеттик капиталды жеке капитал менен тезирээк алмаштырууга да өбөлгө түзөт. Бирок, серепчилердин айтышынча, банктарга өкмөттөн башка жардам берчү булагы жок болгондуктан, аларда айрым улутташтырууга же өкмөттүн кийлигишүүсүнө макул болгондон башка амалы жок.
XS
SM
MD
LG