Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

АКШнын "башкы чалгынчысы" кызматын тапшырат


АКШнын улуттук чалгындоо мекемесинин директору Деннис Блэр кызматтан бошонум алуу тууралуу арызын бүгүн Ак үйдө президент Барак Обамага тапшырат.

АКШнын улуттук чалгындоо мекемесинин директору Деннис Блэр кызматтан бошонум алуу тууралуу арызын бүгүн Ак үйдө президент Барак Обамага тапшырат.

Бүгүн Ак үйдө президент Барак Обамага улуттук чалгындоо мекемесинин директору Деннис Блэр кызматтан бошонум сураган арызын тапшырат. Президентти кечээ ал кызматтан кеткени жатканы тууралуу маалымдар кылды. Обама анын ордуна башка киши издеп жатат.

Улуттук чалгындоо мекемеси 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук балааматтардан кийин түзүлгөн. Ага коопсуздук чөйрөсүндө иштеген атайын максаттагы он алты кызматтын күч-аракеттерин бириктирүү жана алардын ич ара маалымат алмашуу иштерин жакшыртуу милдети жүктөлгөн.

Аскер-деңиз флотунда көп жыл кызмат кылып, отставкага чыккан адмирал Деннис Блэр бул мекеменин директорлугуна былтыр январда дайындалган. Ошондон бери коопсуздук чөйрөсүндө коомчулукта өгөй-татай сөздөрдү чыгарган бир нече окуялар болуп өттү.

Өткөн жылы "Ал-Каиданын" мүчөсү Детройттун үстүндө АКШнын бир жүргүнчү учагын аз жерден жардырып жибере жаздады. Андан мурда Техастагы аскер базасында мусулман-офицер өзүнүн куралдаштарына капыстан ок атып, он үч кишини жастап таштады, отуз чактысын жарадар кылды. Жакында эле Нью-Йоркто борбордук аянтта дүрмөттөлгөн машинаны жардырганга аракет жасалды.
Ушул жана башка окуялар үчүн президент Обама атайын кызматтарды кескин сынга алган эле.

Жакында сенаттын комитети атайын доклад жарыялап, чалгындоо мекемелеринин иштеринде олуттуу кемчиликтер кетирилип жатканын белгиледи. Муну конгресстеги сөзүндө Блэр өзү да моюнга алып, былтыркы окуялар жалгыз-жарым террорчулардын өз маалында изине чыгуу кыйын иш экенин көрсөттү деп айткан эле.

Мындан тышкары Блэр менен ЦРУнун директору Леон Панетта чатакташа кетип, президенттин жардамчысы ортого түшүп жатып, жаңжалды араң басышты. Ушунун баары Ак үйдө нааразылыкты пайда кылды. Кечээ күнү Блэр президент Обама менен жолугуп, анын ишениминен чыкканына ынанды жана кызматын тапшырууну чечти.

Обама азыр Блэрдин ордуна жарай турган талапкерлерди караштырып жатат. Күчтүү делинген бир нече кандидатты Ак үйгө чакырышып, баш терисин байкап көрүштү.

Блэр бүгүн Ак үйдө кызматтан бошонум сураган арызын президентке тапшырат. Анын соңунан улуттук чалгындоо мекемесин жетектей турган кишинин ысымы аталышы ыктымал.
XS
SM
MD
LG