Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:09

Хиллари Клинтондун "дипломаттык чоң казаты"


Мамкатчы Хиллари Клинтон Ак Үйдөгү өкмөттүк жыйында. Вашингтон. 22-июнь 2010

Мамкатчы Хиллари Клинтон Ак Үйдөгү өкмөттүк жыйында. Вашингтон. 22-июнь 2010

1-июлда АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Чыгыш Европа жана Түштүк Кавказдагы беш күндүк сапарын баштады.

Клинтон айым визит маалында өз ара аскерий стратегиялык кызматташууну бекемдөөгө, Вашингтондун Москва менен кызматташуусуна кооптоно караган союздаштардын көңүлүн жайлаганга, регионалдык талаштарды тынч чечкенге көмөктөшкөнгө жана демократияны колдоого аракет кылат.

Беш күндүк сапар Хиллари Клинтон үчүн дипломаттык чоң сыноо. Мамкатчынын Европа жана Азия боюнча орун басары Филип Гордон айткандай, Клинтон айым АКШ-Россия мамилесинин оңолушунан Вашингтондун региондогу союздаштары менен болгон карым-катнашы зыян тартпасын аларга ишендирүү керек:

Президент Михаил Саакашвили Түштүк Осетиялык качкындар менен кездешүүдө. Церовани. 17-март 2010

- Биздин оюбузча, АКШ жана Россия бири бирине көбүрөөк ишенип, ачык мамиледе болсо, андан Россиянын кээ бир коңшулары утат. Муну алардын айрымдары да бизге айтышкан. Биздин Россия боюнча саясатыбызга болгон кооптонуудан улам маселени алар менен талкуулаганга даярбыз. Мамкатчыга, менин оюмча, Польша, Украина, Грузия, Армения, Азербайжанда биздин Россия менен алаканы кантип оңдоону калаганыбызды, Европанын жана региондун коопсуздугу боюнча өз пикирибизди түшүндүргөнгө ыңгай оң болот.

Филип Гордондун айтышынча, Хиллари Клинтон бардык кездешүүлөрдө “демократия” темасын сөзсүз козгойт.

АКШ Мамкатчысы Клинтон айым Киевге биринчи жолу барууда. Февралда бийликке келген Украина президенти Виктор Янукович өлкөдө байытылган уранды сакталбайт деген чечим чыгарып, АКШ президенти Барак Обаманын чоң колдоосуна арзыган. Бирок Янукович “Украинада НАТОго кошулуу ниети жок” деп, Батыштын көңүлүн сууткан. Клинтон айымдын визити, серепчилердин айтышынча, Вашингтон Киев менен стратегиялык кызматташууга чоң маани бергенин күбөлөйт. Ошол эле учурда Вашингтон Украинанын азыркы

"Сөз эркиндиги " деп аталган жарандык демилгечи топтун мүчөлөрү Украинанын коопсуздук кызматынын кеңсесинин алдындагы нааразылык акциясы учурунда. Киев. 17-июнь 2010

жетекчилиги москвачыл саналганы менен Батыш менен да ысык ымалада болот деп үмүттөнгөнүн Филип Гордон белгиледи:

-Биз Украина Россия менен жакшы мамиле күтсө да Европа жана АКШ менен жакшы байланышта болот деген үмүттөбүз. Бул эки нерсе бири бирине каршы келбейт деп санайбыз. Муну биз башынан эле айтып келгенибизди Клинтон айым ачык түшүндүрөт.

Мамкатчы Хиллари Клинтон 3-июлда Бакыга барып, ал жерде кийинки күнү да кечке чейин болот. 1992-жылы Мамкатчы Жеймс Бейкер да Бакыда болгон.

АКШ үчүн Азербайжан маанилүү транзиттик жол. Эсептөөлөргө караганда, Ооганстандагы НАТО башындагы күчтөргө жөнөтүлгөн жүктүн 25 проценти Кавказ аркылуу өтөт. Бишкектеги Манас авиабазасынын келечеги күмөндүү болуп турганда, АКШ үчүн Азербайжандын стратегиялык мааниси дагы жогорулайт. Азербайжан региондун энергия саясатындагы маанилүү өлкө дагы.

АКШ Россиянын Европаны газ менен камсыздоодогу маанисин төмөндөтүү максатында Каспий боюндагы өлкөлөрдү Батышка кошкон Набуко газ куурун курууну колдогон. Азербайжан өз кезегинде Тоолу Карабак чатагын жөндөгөнгө АКШнын көмөктөшүүсүн каалайт.

Ай башында Армения жана Азербайжан аскерлери арасында аткылашуу болгондон бери ортодогу мамиле дагы осолдогон. Мамдепартаменттин билдиришинче, Хиллари айымдын “сапарынын бир максаты эки жак менен сүйлөшүп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн алга жылдыруу”. АКШ Тоолуу Карабак боюнча Минск тобуна мүчө

Азербайжан президенти Илхам Алиев (солдо), Россия президенти Дмитрий Медведев (ортодо) жана Армения президенти Серж Саркисян (оңдо) Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдан тыш убактагы кездешүүдө. 17-июнь 2010

болгондуктан, не Бакынын, не Еревандын тарабын ала албайт. Азербайжан президенти Гейдар Алиев менен кездешүүдө ушул сыяктуу олуттуу маселелер каралат, дейт Мамкатчынын орун басары Филип Гордон:

-Азербайжан менен талкууланчу орчун маселелер анык. Анын баары маанилүү. Азербайжан менен кызматташууда энергия негизги маселе. Өлкөнүн Тоолуу Карабак боюнча Армения менен карым-катнашы орчундуу маселе. Регионалдык коопсуздук маселеси да бар. Ошентип күн тартибинде талкууланчу олуттуу маселелер толтура. Ошон үчүн Мамкатчы ал жакка баратат.

Белгилей кетчү нерсе, Вашингтон президент Алиевди демократиялык дөөлөттөрдү сыйлабаган саясатчы ирети билет. Өлкөдө көзкарандысыз маалымат каражаттары кысмакка алынган. Катталбаган бейөкмөт уюмдар да бар. Буга ушу аптада Еврокеңештин адам укугу боюнча комиссары Томас Хаммарберг да көңүл бурган.

Жогоруда айтылгандай, Еревандагы сүйлөшүүлөрдө Тоолуу Карабак негизги маселе болот. Экинчи маанилүү тема оңолуп баратып токтоп калган Армения-Түркия мамилеси. Себеби Түркия жана Армениянын лидерлери октябрда Цюрихте кол койгон өз ара алаканы нормалдаштыруу келишимдерин түзүүдө Хиллари Клинтондун эмгеги зор болгон. Филип Гордон айткандай, келишимдер алиге ратификациялана элек:

-Ошол келишимдер ратификациялана элек. Сиздерге маалым, президент Саркисян ратификациялоону токтото турууну оң тапканын жазда билдирген. Бирок Түркия келишимдерди ратификациялоого даяр болгондо, Армения да макул болот. Мамкатчыда президент Саркисян менен бу жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү болот.

Береги келишимди эки өлкөнүн парламенттери бекитса, Түркиянын чек арасын ачканга шарт түзүлмөк.

Клинтон айымдын сапары Тбилисиде каарыйт. Бул жерде да ал өлкө президенти жана тышкы иштер министри менен сүйлөшкөнгө катар, Киев, Бакы, Еревандагыдай эле оппозиция лидерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен да кездешет.

Президент Саакашвили сүйлөшүүдө Россия Түштүк Осетия жана Абхазияда ок атышууларды токтотуу боюнча келишимдин шартын аткарбай жатканын айтып, АКШ өз позициясын кайра билдирип койуусун сурайт деп боолгонууда. Ак Үйдүн позициясы Грузия маселесинде өзгөрүүсүз экенин АКШ Мамкатчысынын орун басары Филип Гордон апта башында Женевада билдирген:

-Бизди жагдай канааттандырбайт. Ал жөнүндө президент Обама өткөн аптада президент Медведев менен кездешкенде ачык айткан. Биз Грузиянын эгемендигин жана бүтүндүгүн сыйлайбыз. Россияны ок атышууларды токтотуу боюнча 2008-жылдын августунда өзүнө алган милдеттенмелерин аткарууга чакырабыз. Келишим Россияны күч колдонбоого, аскерий аракеттерди токтотууга, ошондой эле өз аскерлерин чатакка чейинки позицияга чыгарып кетүүгө үндөйт. Бул аткарылган жок.

29-июнда президент Саакашвили “Грузия Россия менен өз ара мамилени нормалдаштыруу боюнча алдын ала шарты жок сүйлөшүүгө даяр” экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG