Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:36

4-ноябрда Барак Обаманын жеңиши менен катар демократтар конгрессмендерди шайлоодо да ийгиликке жетишти. Айрым өлкөлөрдө мындай кош жеңиш президентке эбегейсиз бийлик берет эле. АКШда жагдай кандай?

4-ноябрда америкалыктар Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү жана сенаттагы 35 орунду ээлей турган депутаттар үчүн да добуш беришкен.

Натыйжада Өкүлдөр палатасында демократтар кошумча 20 мандат жеңип, шайлоонун жыйынтыктарына ылайык, 435 орундун 256сына ээ болду.

Сенатта болсо алар азырынча дагы 6 мандат алышканы маалымдалууда. Башкача айтканда, 100 орундуу палатада демократтардын бери дегенде 56 өкүлү болмокчу. Добуш берүүдөн кийин республикачыл талапкер Жон Маккейн колдоочуларын шайлоо кампаниясы учурундагы атаандаштыкты унутууга чакырды:

-Мени колдогон америкалыктардын бардыгын Барак Обаманы жөн гана куттуктабастан, болочок президентке пикир-келишпестиктерди жоюуу, компромисс табуу, коопсуздугубузду коргоо, бакубат турмушубузду калыбына келтирүү, урпактарыбызга кубаттуу өлкө калтыруу аракеттеринде жардам сунуш этүүгө үндөйт элем.

Ал эми жеңишке жетишкен партия чексиз бийликке ээ болот деген үгүт кампаниясынын жүрүшүндө айтылган чочулоолордун жүйөөсү барбы? Бир катар өлкөлөрдө мындай жагдай нормага айланган. Алыс кетпей эле Путин тушундагы же азыркы президент Медведевдин башкаруусундагы Россияны алсак. Же мурдагы СССР да ошондой мисалдардын бири.

Бирок Батыш демократияларында лидерлер алардын партиясы мыйзам чыгаруу органында көпчүлүктү түзгөн кезде да эбегейсиз бийликке ээ боло албайт. АКШда ага бийликтин 3 бутак ортосундагы бөлүнүшү жол бербейт. Бийликтеги партиянын өкүлү президенттик кызматты ээлеп, эки палатада тең көпчүлүккө ээ болгон кезде да аны сот системасы көзөмөлдөп турат.

Атап айтканда, Жогорку Сот мыйзамдарды же аткаруучу бутактын иш аракетин конституцияга каршы келет деп жарыялоого, мыйзамдарды чечмелөөгө укуктуу. Андан тышкары АКШнын Конституциясын өзгөртүү абдан татаал процесс. Ага ар бир штаттын мыйзам чыгаруу органдары тартылат. Муну менен кимге болбосун кызматтынан кыянаттык менен пайдаланууга бөгөт коюлат.

Бирок көпчүлүк кезекте бийликтеги партия бир катар демилгелерин өткөрүп алуу үчүн Конгрессте оппозициядагы шериктери менен кызматташууга өзү кызыкдар. Себеби айрым жоболорду кабыл алуу үчүн жөнөкөй көпчүлүк талап кылынса, олуттуу мыйзамдар үчүн конгрессмендердин үчтөн эки бөлүгүнүн колдоосу керек.


Чыгыш Европадагы кээ бир өлкөлөрдөгү мисалдар көргөзгөндөй, мыйзам чыгаруучу органындагы кызматташтыктын жоктугу туңгуюкка такап, эрте шайлоого алып келиши мүмкүн. Бул дагы бийликтеги партияны көзөмөлдөп туруунун бир ыкмасы. Бирок көзөмөлдөө механизмдери дайыма бардык тараптарды канааттандырат деп айтууга болбойт.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG