Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Эстония, Литва АКШ менен аскерий келишимге кол койду


АКШ аскерлери Латвиядагы машыгуу учурунда. 31-октябрь, 2016-жыл.
АКШ аскерлери Латвиядагы машыгуу учурунда. 31-октябрь, 2016-жыл.

Коргоо министрликтери билдиргендей, Балтиканын эки өлкөсү Кошмо Штаттар менен шайланган президент Дональд Трамптын ишке кирүү аземинин жуп алдында кол койгон келишим америкалык аскерлер бул жерлерде туруусуна кеңири жол ачат.

Балтика боюндагы дагы бир өлкө - Латвия АКШ менен дал ушундай келишимди өткөн аптада түзгөн.

Бул макулдашуулар америкалык аскерлердин Балтика боюндагы мурдагы советтик өлкөлөрдө жайгашуусун жеңилдетип, алардын биргелешкен машыгууларга катышуусуна жол ачмакчы.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын НАТО боюнча айрым билдирүүлөрү, түндүкатлантикалык альянсты “эскирген” биримдик катары сыпатташы өзгөчө Балтика өлкөлөрүндө тынчсыздануу жараткан.

Алардын тынчсызданышына Орусиянын Крымды анексиялоосу, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүүсү себепкер болууда. (UE)

XS
SM
MD
LG