Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама “өткөөл команда” түзүп, ага келечектеги өкмөткө талапкерлерди тандоо милдетин табыштады. Бул иште Обамага байкоочулар кеңеши да көмөктөшөт.

Атайын орган “Обама менен Байдендин өткөөл долбоору” (Obama-Biden Transition Project) деп аталды жана ага үч киши кирди. Аларга он эки кишиден турган байкоочулар кеңеши жардамдашат. Өткөөл команда келечектеги өкмөттүн негизги кызматтарына талапкерлерди тандайт жана Обаманын шайлоо алдындагы убадаларын жүзөгө ашыруунун планын иштеп чыгат.

Министрлик папкелер кимге тиерин азырынча эч ким айта албайт, ошентсе да жергиликтүү маалымат каражаттарында ар түрдүү божомолдор пайда болду. Атап айтканда, Обама президенттик кеңсе башчылыгын Иллинойс штатынан шайланган конгрессмен Рам Эммануэлге сунуш кылды дешет. Эммануэл кезинде Ак үйдө Билл Клинтондун кеңешчиси болуп иштеген, мындан эки жыл мурда демократтардын конгресстеги ийгилигин камсыз кылган. Республикалык партиянын өкүлдөрү аны “америкалык саясаттагы жеткен өчмөнтөй жана калыстыгы жок адамдардын бири” деп эсептешет. Обаманын сунушу тууралуу Эммануэл өзү азырынча үн ката элек.

Эксперттер мамлекеттик департаменттин башчылыгына эки киши – мындан төрт жыл мурдагы президенттик шайлоону Жорж Бушка уттуруп жиберген сенатор-демократ Жон Керри же болбосо Дейтон келишиминин автору Ричард Холбрук талапкер болушу мүмкүн дешет. Улуттук коопсуздук кеңешчисинин кызматына Жеймс Штайнберг же Сюзен Райс айым барышы ыктымал. Экөө тең кезинде Клинтондун жакын кеңешчилери болушкан.

Дагы бир түйүндүү кызматка – финансы министрлигине талапкер катары байкоочулар үч адамды болжолдоп жатышат. Алардын арасында Нобель сыйлыгын алган белгилүү экономист Жозеф Стиглиц,федералдык резерв системасынын экс-төрагасы Пол Волкер, дүйнөлүк банктын башкы адиси Лоренс Саммерс бар.

Ички коопсуздук министрине азырынча татыктуу кандидат табыла элек. Ал эми Пентагондун азыркы башчысы Роберт Гейтс, маалымат каражаттарынын жоромолунда, кызматында калышы ыктымал. Мунун башкы жүйөөсү катары эксперттер Ирак жана Ооганстан боюнча Обама менен Гейтс иш жүзүндө окшош позицияда турганын айтышууда. ЦРУнун жетекчилиги да мамлекеттин жаңы башчысын жакындан тартып жашыруун маалыматтар менен четинен кабардар кылып, аны акырындап президенттик кызматтын коңулдары, “коён жатактары” менен тааныштыра баштамакчы.

Ак үйдүн азыркы башчысы Жорж Буш бул жагынан Обамага жардамдашканга сөз берди. “Жаңы шайланган президентке Ак үйдөгү бийликти өткөрүп берүү процессинде менин администрациям ага толук көмөк көрсөтөрүн айттым”,-деди Буш.

Обама ырасмий түрдө келерки жылдын 20-январында кызматка киришет.

XS
SM
MD
LG