Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

ФРС экономикага дагы 600 миллиард доллар сарптайт


Вашингтон - АКШнын Федералдык резерв системасы - Борбордук банк жайгашкан имарат.
Вашингтон - АКШнын Федералдык резерв системасы - Борбордук банк жайгашкан имарат.

АКШнын федералдык резерв системасы – Борбордук банкы – экономиканын илкип-калкыган арымын тездетүү максатында дагы 600 миллиард доллар бөлүүнү чечти. Жаңы план адистер арасында ала-кула пикирлерди жаратты. АКШнын кадамына жооп катары Европанын, Англиянын жана Япониянын башкы банктары да өз саясатына айрым түзөтүүлөрдү киргизгени жатышат.

Федералдык резерв системасы жаңы планын шаршемби күнү жарыялады. Экономикага кошумча каражат бөлүү иши эмдиги жылдын июн айына чейин жүргүзүлөт. Ай сайын өлкөнүн экономикасына 75 миллиард доллар акча сарпталат. Мунун өзү Борбордук банк ушу таптан тартып айына аталган өлчөмдө мамлекеттик жарнак кагаздарын сатып алып турат дегенди билдирет. Мындан тышкары мурдагы ипотека жарнактары боюнча төлөм түрүндө түшө турган акча да кайра инвестияланат.

Экономикага дем берүүнүн жаңы планы жарыяланар замат Dow Jones көрсөткүчү биртке өйдөлөй түштү, мунайдын баасы да азыраак өзгөрдү.

Борбордук банк былтыр экономикалык төмөндөө кыйгас кызып турганда да мамлекеттик карызга тийиштүү 1,7 триллион доллар наркындагы ипотека облигацияларын сатып алган эле. Бул ыкма "экономиканы акчага карк кылуу" саясаты деп аталып, аны ФРСтин төрагасы Бен Бернанке өзү колдогон. Борбордук банк ушундай усул экономиканын өсүшүн жанданта турганына ишенет. Үчүнчү токсондукта бу көрсөткүч 2 процентке жакын болду.

Борбордук банктын жаңы планы адистер арасында эки ачакей пикирлерди пайда кылды. Кошумча чараларды колдогондор муну өлкөнүн экономикасын нормалдуу абалга кайтаруунун акыркы аргасы деп эсептешет. Мурда жасалган ушундай кадамдардын аркасында АКШ акырындап болсо да рецессиядан чыкканга жетишти.

Жаңы планга ишеңкиребеген адистер былтыр көрүлгөн чаралар иш жүзүндө керектөө таламдарына эч кандай деле таасир тийгизе албаганын жана насыя алуунун шарттарын жеңилдетип жибербегенин айтышат. Эң башкысы – жаңы пландар өлкөдөгү жумушсуздукту ооздуктай албайт. Экономиканын өнүгүшүнө дал ушул жагдай каскак болууда. Ишсиздер саны ушу тапта 9,6 процентти түздү. Августта 54 миң жумушчу орун кыскартылса, сентябрда бул көрсөткүч 95 миңге чаап барды.

Айрым адистердин айтымында, Борбордук банк үстөк акыларды төмөндөтсө гана экономикалык ишкердикти активдештирүүгө жана өлкөнүн рыногунан жаа бою кача баштаган инвесторлорду кайтарууга болот. Бирок банк буга бара албайт, үстөк акынын көрсөткүчү ансыз деле нөлгө жакындап калды.

Федералдык резерв системасынын жаңы саясаты эл аралык жактан да салакалуу болот өңдөнөт. Инвесторлор негизинен Индия, Бразилия сыяктуу келечектүү рынокторго ооп кетишти. Натыйжада экспортчу өлкөлөр катары алардын атаандаштык дарамети өстү, дүйнөлүк валюталар арасында конкуренция күч алды, девалвация коркунучу пайда болду.

Европанын, Англиянын жана Япониянын борбордук банктары ушул аптада жыйынга чогулуп, АКШнын резерв системасынын жаңы планынан кийинки өздөрүнүн саясатын талкуулап, ага айрым түзөтүүлөрдү киргизгени жатышат.

XS
SM
MD
LG