Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Феминизмде ким жеңди?


AKШнын көрүнүктүү айымдары мамкатчы Хиллари Клинтон (солдо) жана биринчи айым Мишел Обама өзбек диссиденти Мутабар Тажибаевага сыйлык тапшырып жатышат
AKШнын көрүнүктүү айымдары мамкатчы Хиллари Клинтон (солдо) жана биринчи айым Мишел Обама өзбек диссиденти Мутабар Тажибаевага сыйлык тапшырып жатышат

Аялы кыз төрөсө, төрөтканага басып келбей койгон ата тууралуу кулагыңыз чалганы барбы? Жоолукчан кыз шаардык кызга үлгү болушу керекпи, же кыздарга тапкан айлыгына жана адамгерчилине карап мамиле кылыш керекпи? Күйөөдөгү кыз бойдок кыздан эмнеси менен өйдө? Эгер сизди ушул өндөнгөн суроолор кызыктырса, аялдардын укугун талдоого жаңыча нук салган бир автордун өмүр баяны сизди да кызыктырышы мүмүн.

Күйөөгө тийбеген кызга кайда болсо байкуш дегенчелик мамиле кылышат. Бирок бир кыз эч кимдин боорукерлигине муктаж эмес экендигин эбак эле бүт дүйнөгө жар салган. Айтылуу "Космополитан" журналынын көп жылдардан берки редактору Хелен Гөрлeй Браун 20-кылымдын эскичил 60-жылдары өзүнүн чуулгандуу идеялары менен кеңири таанылган.

Жакында «Секс жана бойдок кыз» атуу китеби америкалык феминизмдин үчүнчү толкунуна жол ачкан автордун өмүр баяны жарык көрдү. «Жаман кыз каалаган жагына барат» деген биографиялык китепти АКШдагы Баудуин коллежинин Гендер жана Аялдар институтунун профессору Женнифер Сканлон жазган. Китептин мукабасындагы сүрөттө Браун кармап отурган жазуудан улам, китептин аталышы «жакшы кыз бейишке чыгат» деген макалга уйкаштырылып ойлонуп табылганын билебиз.

Феминизмдин биринчи толкунда америкалык аялдар добуш берүү укугуна жетсе, экинчи толкундун баштоочусу саналган Бетти Фридан «Наздуу мистика» деген чыгармасы менен ири алдыда билимдүү кесипкөй аялдардын маселесин көтөрүп чыккан.

"Вашингтон Пост" гезитинде Наоми Уолфтун жазышынча, Фриданды пир туткандар орто же абдан бай үй-бүлөдөн чыккан, акыл калчагандан камчы салдырбаган, аялдардын маселесине өтө олуттуу мамиле жасагандар болушкан. Ал эми жумушчу табынан чыккан Хелен Гөрлей Браунду күйөөгө тийсе да, тийбесе да, аял заты турмуштан ыракат алып жашоого укуктуу деп эсептеген шайдоот айымдар ээрчиди.

Браун алтургай эгер аял бирөө менен жыныстык катнашта болсо, эркек ага белек-бечкек алып берип, керек болсо акча да төлөсүн деп эсептеген. Ал мындай пикирин аялдар кирешелүү, чоң маяналуу кызматтарга жолой алышпай, секретар, чайчы болуудан башка амалы жок экендиги менен түшүндүргөн. Бүгүн да жеңи жок көйнөк кийгендерге сөөмөйүн көзөгөн патриархал америкалыктар Браунга мындай көз караштары үчүн ар кандай жарлык таккандыгын элестетүү кыйын эмес.

Браун университетте билим алган эмес, бирок китеби 28 тилде жарыл көрүп, тубаса калемгерлик таланты менен байманалуу турмушка жеткенден кийин ага асылгандардын сөзү анчейин өтпөй калды, ал эми анын көз караштарынан таасирленгендер көбөйүп отурду.

Алардын катарында жогоруда сөз болгон Американын биринчи айымын да атасак болот. «Мишел Обамага чейин кайсы президенттин аялы чоң маяналуу кызматын таштап, тоту куштай койкоюп модалуу журналдарда сүрөткө түшкөн биринчи айым болуп чыга келди эле?» деп суроо салат "Вашингтон Посттогу" макаланын автору.

Браундун биографиясында Сканлон ал америкалык аялдардын укугун тайманбай талашып, бойдон алдыруу укугун колдоп, модада болобу, саясатта болобу, аялдарга жол ачылышы керек деп эсептегенин, ал прагматикалык феминизмдин уникалдуу философиясын негиздегендигин баяндайт.

Аборт жана башка талаштуу маселерди жазган баяндамачы Жениффер Баумгарднер ушуга байланыштуу «ишенимдүү жазылган биографиясы менен Сканлон Хелен Гөрлей Браун адам укуктарына жеңил ойлуулук менен үстүрт мамиле кылат деген көз караштарды четке сүрүп салгандыгын» жазды.

XS
SM
MD
LG