Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Активист Темирлан Ормуковдун иши сотко өттү


Темирлан Ормуков
Темирлан Ормуков

Бул тууралуу “Азаттыкка” активист өзү билдирди. Ормуковдун айтуусунда, бүгүн милиция кызматкерлери анын үйүнө келип, шаардык ички иштер башкармалыгына алып барышкан. Тергөө иши аяктаганын айткан милиция кызматкерлери документтер менен таанышкандыгы тууралуу кол коюп берүүсүн өтүнгөн:

- Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына​ "тергөө ишиң менен таанышкандыгың боюнча кол кой" дешти. Бирок, мен адвокат жок кол койбойм дедим. Жыйынтыгында нөөмөтчү адвокатты чакырып келишип, аны кол койдуруп, иш эми прокуратурага өткөнүн билдиришти. Мени сотко даярдан деп, бирок ал кайсы күнү болоорун айтышкан жок.

Буга чейин Башкы прокуратура Бишкектин тургуну Темирлан Ормуковдун президентти сындап социалдык тармакка жазган ырында “аймак аралык козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган эле.

Депутат Дастан Бекешов Ормуковдун социалдык тармакка жарыялаган “Ажонун ооруп жүрөгү” аттуу ырында президенттин беделине шек келтирген сөздөр бар деген жүйө менен Башкы прокуратурага кайрылган эле. Өткөн айдын башында Бишкек милициясы акын, активист Темирлан Ормуковго "кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. (SDz)

XS
SM
MD
LG