Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Гуантанамо баары бир жабылат


Вашингтон -- Президент Барак Обама Гуантанамодогу лагерди баары бир жабууга туура келерин эскертти.
Вашингтон -- Президент Барак Обама Гуантанамодогу лагерди баары бир жабууга туура келерин эскертти.

Президент Барак Обама конгресстин каршылыгына карабай келерки жылдын башталышына чейин Гуантанамодогу түрмөнү жаба турганын бышыктады. Бу лагерди ал союздаштарды АКШдан оолактатып, ал эми террорчуларды америкалыктарга каршы баш коштуруп жаткан фактор деп атады.

АКШнын улуттук архиви жайгашкан имаратта сүйлөгөн сөзүндө коопсуздук маселелерине кайрылып, Барак Обама америкалыктар "кыйноо камераларын жаап, өкүмзордукту мыйзам улуктугу менен алмаштырган улут экенин" эске салды. Ошо себептен "террорчулар өңчөй кыянат-кыргынды жана бүлүк-бүлгүндү сунуш кылып жатканда алардын жек көрүү идеологиясынан Америка өзүнүн асылнарктары менен институттары алда канча бийик жана кебелгис экенин көрсөтүшү керек".

Гуантанамодогу лагерди Обама мурдагы бийликтин "оңунан чыкпаган эксперименти", "капыл-тапыл кабыл алган калпыс чечими" катары сыпаттады.

"Терроризмге каршы күрөшкө кызмат кылгандын ордуна Гуантанамо "Ал-Каида" үчүн жаңы террорчуларды жалдап алуунун символу болуп калды. Лагердин түзүлүшү ал жерде кармала турган бардык айыпкерлерге салыштырганда дүйнөдө террорчулардын санын алда канча көбөйттү. Демек, жагдай айдан ачык – Гуантанамо түрмөсү АКШнын улуттук коопсуздугун алсыратууда",-деп айтты президент.

Мындан тышкары Обама бу лагер союздаштардын терроризмге каршы күрөштө кызматташуу ыкыласын суутканын да белгиледи.

Гуантанамодогу лагерде азыр 240 айыпкер бар. Алардын иштерин администрация АКШда жарандык жана аскери соттордо териштирип чыкканы жатат. Күнөөсү жоктор бошотулат, айыптуулар жазасын алат, ал эми АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн коркунучу барлар бекем кайтарылган камактарга отургузулат.

"Америкалыктарга кесири тие турган бир адамды да коё бербейм, - деп ишендирди президент. - "Ал-Каиданын" террорчулары,алардын тарапкерлери АКШга каршы согушуп жатат. Алардан колго түшкөндөрдүн, башка да туткундардын кайрадан бизге катылып кол салышына мүмкүндүк берүүгө болбойт".

Обама Гуантанамо лагерин жабуу оңой болбосун моюнга алды, бирок муну улуттук коопсуздук таламдарынан улам баары бир жасоо зарыл экенин кайрадан көрсөттү. Бул планды ишке ашыруу үчүн администрация ушу күндөрү конгресс менен иштеп жатат.

Конгресс мындан эки-үч күн мурда эле түрмөнү жабуу үчүн керектүү каражат бөлүүдөн баш тарткан эле. Шаршемби күнү болсо сенат Гуантанамодон туткундарды АКШга которуу планын да колдогон жок.

Гуантанамодогу лагердин курулушун учурунда катуу кубаттаган мурдагы вице-президент Дик Чейни азыркы администрациянын пландарын "жоопкерчиликсиз",алды-артын "терең аңдабаган" кадам деп сынга алды. Анын ишениминде, "Гуантанамону жаап, Европаны алакан чаптырыш оңой, бирок улуттук коопсуздукка ишенимдүү кызмат кылган алтернатива табуу татаал".

XS
SM
MD
LG