Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Обама адам укугун унуттубу?


Астана - "Казакстандын төрагалыгы: чалкештиктер жана мүмкүнчүлүктөр" деп аталган эл аралык конференциянын катышуучулары "тегерек үстөлдө". Казак тараптагы орундардын көбү бош турду.28-октябрь 2009-жыл.
Астана - "Казакстандын төрагалыгы: чалкештиктер жана мүмкүнчүлүктөр" деп аталган эл аралык конференциянын катышуучулары "тегерек үстөлдө". Казак тараптагы орундардын көбү бош турду.28-октябрь 2009-жыл.

АКШнын Хельсинки комиссиясы президент Барак Обаманын өкмөтү адам укуктарына анчейин маани бербей баратканын белгиледи. Өткөн аптада комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик департаменттин айрым жооптуу кызматкерлеринин маалыматтарын угушту.

Конгресстин Хельсинки комиссиясынын төрагасы демократ-сенатор Бенжамин Кардин президент Барак Обама бийликке киришер замат Гуантаномодогу түрмөнү жабуу, тергөө-сурак иштеринде кыйноо ыкмаларын колдонууга тыюу салуу тууралуу чечимдерди кабыл алып, адам укуктарына байланышкан чөйрөгө бир топ дем бергенин белгилеп өттү. Бирок андан кийин бу маселе күн тартибиндеги иштердин бир кыйла төмөнкү тепкичине сүрүлүп калгандай болду.

"Мен болгону жогорку даражалуу эл аралык визиттер маалында адам укуктары көңүл борборунда болбогонун белгилегим келет. Менимче, бул ишти оңдоо керек, муну мен достук каалоо катары айтып жатам", - деп көрсөттү Кардин.

Ушул айдын башталышында Вашингтонго келген Далай-ламаны Обама кабыл албай, аны менен декабрда жолугушмак болгон эле. Мындан тышкары Кардин адам укуктарын урмат кылмак турсун көп чөйрөлөрдө басып, басмырлап келаткан Казакстан эмдиги жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылганы жатканына камтамачылыгын билдирди.

Мамлекеттик департаменттин жооптуу өкүлү Филипп Гордон президент Обама менен мамкатчы Хиллари Клинтон адам укуктарын унутта калтырышпаганын, бу жагынан көптөгөн өлкөлөргө, өзгөчө экс-советтик республикаларга, Россияга байланыштуу такай аракеттер жасалып жатканын маалымдады.

Казакстанга кайрылып, Гордон сенатор Кардиндин пикирин колдогон жок. Казакстан өзүнө бир катар милдеттенмелерди кабыл алды, ошондон соң гана ага уюмга төрагалык кылганга уруксат берилди. Келишимде каралган ошол шарттарды Казакстан кандайча аткарарын агылгалап байкап-багып турганга Гордон конгресстин Хельсинки комиссиясын да чакырды.

Буга кошумчалап Гордон өзү жакында Белоруссияда болуп келгенин, Кошмо Штаттары менен кызматташкысы келсе, анда адам укуктарынын абалын жакшыртышы керектегин Лукашенконун өкмөтүнө так-таасын эскертилгенин баяндады.

Комиссия Грузия менен Украинага байланыштуу да маселе козгоду. Коргоо министринин жардамчысы, АКШнын Россиядагы мурдагы элчиси Александр Вершбоу ырастагандай, эгемен бул эки өлкө тең Вашингтондун колдоосуна арзыйт. Муну Вашингтон Москва менен өткөргөн бардык талкуу-таңаштарда да такай сөз кылып келатат.

Хельсинки комиссиясынын төрагасы Кардин жасалып жаткан иштерге карабастан өкмөттү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда ала канча активдүү болууга чакырды. Муну сенатор АКШнын кызыкчылыктары үчүн эле эмес, аталган уюм карманган эл аралык принциптер үчүн да абдан маанилүү деп эскертти.

XS
SM
MD
LG