Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Ушул тапта бүткүл дүйнө жүзүндө АКШнын президенти болуп Барак Обама шайлангандан кийинки бул өлкөнүн тышкы саясаты кандай болоор экен деген талкуу жүрүүдө. Бул маселени кыргызстандыктар жана жалпы эле борбордук азиялыктар да астейдил талкуулоодо.

“Борбор Азия аймагында эң эле олуттуу маселе - бул эркиндик”. «Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын серепчиси Мирхат Шарипжан Америкадагы соңку президенттик шайлоо жана АКШ менен Борбор Азиянын алакаларына сереп салган баяндамасын мына ушундай аталышта жазып чыкты.

Шарипжан мырза өз серебинде мындай дейт:

- Жакында эле Барак Обама АКШнын кийинки президенти болуп шайланды деп расмий түрдө жарыяланды. Дал ошол күнү АКШнын Казакстандагы элчиси Ричард Хоаглэнд (Richard Hoagland) Астанада журналисттер менен жолугушуусунда, жаңы президенттин тушунда расмий Вашингтондун Казакстанга болгон мамилеси өзгөрбөйт деп билдирди.

Шарипжандын айтымында, элчинин мындай билдирүүсү казакстандык интернет журналы (блог) чөйрөсүндө кеңири талкууга алынып, басымдуу бөлүгү нааразылыктарын жашырышкан жок. Анда эмесе ошол нааразылыктын себептерин карап көрөлү.

Совет мезгилинде ондогон жылдар бою Америка жана эркиндик деген сөздөр Совет Биримдигинде жашаган көптөгөн адамдар, ал турсун "темир көшөгөнүн” артындагы башка көптөгөн коммунисттик мамлекеттер үчүн уйкаш сөздөрдөй туюлчу. Бул туюм совет доорунун кыйрашынан кийин да күч алды. Себеп дегенде ошол мезгилде АКШ демократиялык жаңылануулар үчүн колдоочу катары үмүт жаратып келген. 1990-жылдардын башында Борбор Азиялыктардын дээрлик көпчүлүгү үчүн бул үмүт акырындап орундала баштаган десе да болоор эле.

Андан кийин дагы он жылдай өткөн соң, пост-советтик эгемендиктин алгачкы эйфориясы азайып, кырдаал өзгөрө баштады. АКШнын Борбор Азиядагы негизги максаттары мунай жана газ, геосаясат жана Ооганстандагы согуш менен байланыштуу болуп, Вашингтондун Борбор Азияга карата саясаты саал өзгөрүүгө учурады. Бул кырдаал өз кезегинде Борбордук Азиялыктардын АКШ тууралуу пикирин да кыйла өзгөрттү.

Отун-кубатка бай Борбордук Азия АКШ үчүн өтө маанилүү аймак. Ошондой эле бул аймакка Кытай жана Орусиянын коңшулаш болушу да АКШнын аймактагы саясатына таасир тийгизүүдө. НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук иш аракети коңшулаш Борбор Азиядагы диктатор өлкө башчылары менен да дурус алакада болууга мажбур кылса, алар өз кезегинде жогоруда айтылган АКШнын геосаясатынын кызыкчылыктарын эске алуу менен саясий жана экономикалык маселелерди өздөрүнө ылайык чечип алууга умтулууда.

4-ноябрда Өзбекстандын укук коргоочулары Ташкент шаарындагы АКШнын элчилиги алдында Барак Обаманы колдоо чарасын өткөрүштү. Анда алар жаңы шайланган АКШ президенти аймактагы геосаясий кырдаалга эч кылчактабастан, Өзбекстандагы адам укуктары жаатына жана демократиялык жараянга астейдил көңүл бураарына ишеним артаарын билдиришкен.

Кыргызстандагы оппозициячыл “Ак-Шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев да Обаманын бийликке келиши менен дүйнөлүк саясат өзгөрүп, Кыргызстандын ички жана тышкы саясатынын либералдык багытта өзгөрүшүнө түрткү берет деген үмүттө экенин “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми Казакстандык саясий талдоочу Дос Кошым болсо АКШдагы жаңы президенттин тушунда демократияны өнүктүрүү долбоорлору кайра жанданат деген ойдо.

Айтор, Борбордук Азияда АКШ президентине демократиялык жараянга огожо болсо экен деп үмүт байлагандар да, аймактагы авторитардык режимдерге тийишпесе экен деп расмий Вашингтондон шектенгендер да дагы эле арбын.

XS
SM
MD
LG