Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама дүйшөмбүдө келечек командасынын дагы төрт мүчөсүн жарыялады.



Обама Стивн Чуну өзүнүн энергетика катчылыгына дайындады. Стивн Чу Нобелдин сыйлыгын алган атактуу физик. Ал эми келечек өкмөттүн Айлана-чөйрөнү коргоо администрациясын эколог Лиза Жэксон жетектей турган болду.

Бул дайындоолор Конгрессте колго салынмакчы. Аталган эки талапкерден тышкары, Обама Кэрол Браунерди өзүнүн энергетика жана климат саясатын тейлөөгө тандап алды. Браунер 1990-жылдары Айлана-чөйрөнү коргоо администрациясын жетектеген.

Ал эми Лос-Анжелестин шаар акиминин орун басары Нэнси Сатли Ак үйдүн Айлана-чөйрөнүн сапаты боюнча кеңешин башкарат.

Чикагодогу пресс-конференцияда шайланма президент бул дайындоолор жаратылышка этийет мамиле кылуу сөзсүз эле америкалык бизнестин өсүшүнө бут тосууну түшүндүрбөй тургандыгын белгиледи:

– Экономикалык өсүш менен айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиленин ортосунда карама-каршылык жок. Биздин экономиканы ойлоп табуучулук жана техноология алга сүрөйт деп ишенем. Жаңы энергетикалык экономика бизге керек болгон миллиондогон жаңы иш орундарын түзгөн өзгөрүүлөрдүн өзөгү болуп калат. Ошондуктан менин экономикалык куткаруу планымда мындан 10, 20, 30 жыл мурда жасалышы керек болгон, бирок улам артка тартылып келген иштерге инвестиция салууга басым жасалат.

Обаманын энергетика катчылыгына Стивн Чуну дайындашы олуттуу окуя болуп калды. Чу Нобел сыйлыгынын лауреаты болуу менен катар, кеңири таанымал Лоренс Берклей улуттук лабораториясын жетектейт. Обама Энергетика департаментинин окумуштуулары акыры бул министрликти өздөрүнүн кесиптеши жетектеген күнгө күбө болушаарын мындайча белгиледи:

– Чунун бул кызматка көрсөтүлүшү - биздин администрация илимди баалай тургандыгынын ишаараты. Биз фактылардын негизинде иш жүргүзөбүз. Жана фактылар чечкиндүү аракетти талап кылаарын түшүнөбүз.

Обаманын саясаты кетип жаткан президент Жорж Буштукунан кескин айырмалана тургандыгы анык болуп калды. Буш жер абасынын ысышын чектөө боюнча Киото протоколуна кол коюудан баш тарткан, анткени ал мындай чаралар АКШнын экономикасына залал келтирет деп эсептеген. Буш ошондой эле түйүлдүктү адам баласы деп эсептегендиктен, андан алынуучу сөңгөк клеткасы боюнча изилдөөлөрдү каржылоону кескин чектеп келди.

Чикагодогу пресс-конференцияда Обама Иллинойс штатынын губернатору Рон Благойевичтин айланасындагы жаңжалга байланыштуу да суроолорго жооп берди. Благойевич Обама президенттикке шайлангандан кийин бош калган сенатордук орунду сатмакчы болгон деп камакка алынган. Обама өз командасындагы тыкыр текшерүү анын шериктери бул ишке аралашпагандыгын далилдегендигин бышыктады:

- Мен губернатордун кеңсеси менен же губернатордун кеңсесинен кимдир бирөө менен байланышта болгон эмесмин. Мындан тышкары, өткөн аптада четин чыгардым эле, менин кеңсем тараптан орунсуз, же коюлуп жаткан айыпка тийешелүү эч нерсе болгон эмес.

Ошол эле убакта Обама прокурорлор андан өз кеңесиндеги иликтөөнүн жыйынтыгын 22-декабрга чейин ачыктабай турууну сурангандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG