Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Барак Обаманын экономикалык командасынын жүгү оор


АКШнын президенти болуп шайланган Барак Обама дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттардагы финансылык кризисти жөндөө боюнча биринчи чоң кадамын жасайт деп күтүлүүдө.

Ал Ак үйдө экономикалык саясатты жүргүзчү командасынын мүчөлөрүн коомчулукка тааныштырат. Обама азыркы президент Бушту ырасмий түрдө 20-январда алмаштырат. Барак Обама экономиканы стимулдаштырууга канча каражат бөлүнөрүн айтпады. Бирок эксперттердин айтымында, мурда айтылган 175 миллиард доллар жетпейт жана кризистен чыгуу үчүн кеминде 300-500 миллиард доллар керек болот.

АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама бүгүн өз экономикалык командасын жарыя кылат. Бирок 20-январда Обама президент катары ант бермейин жаңы администрация жумушка ырасмий түрдө киришпейт. Анткен менен команда мүчөлөрү АКШнын экономикасын кризистен алып чыгуунун эки жылдын планынын үстүнөн шымалана иштеп жатышканын Обама ишемби күнү Чикагодо билдирди:

-Биз адамдарга жумуш берүүбүз жана экономиканы алга жылдыруубуз зарыл. Биз быйыл 1, 2 миллион жумуш ордун жоготтук. Көпчүлүк эксперттердин ишениминде, ыкчам жана батыл аракеттенбесек, келерки жылы миллиондогон жумуш орундарын жоготобуз. Көп жылдар топтолгон кризистен чыгуунун тез жана жеңил жолу жок. Абал оңолгондон мурда дагы оорлойт кейпи. Бирок 20-январда жумуш орундарын түзүүчү узак мөөнөттүк экономикалык өсүүгө дем берчү жаңы багытты, жаңы идеяларды жана реформаларды баштоого мүмкүндүк алабыз.

20 күн мурда Обама президент болуп шайлангандан бери Кошмо Штаттардагы экономикалык кризис дагы тереңдеди. Автомобиль жасоочу компаниялар каражатка муктаж экенин эскертишти, жумушсуздук өсүүдө. Дүйнөдөгү эң чоң финансылык корпорациялардын бири-Citigroupтун баалуу кагаздары(акциялары) өткөн аптада 60 процентке арзандады. АКШ өкмөтү корпорацияга 20 миллиард доллар жардам берип, анын жарнакчыларынын бири болуп калды.

Обама Чикагодогу сөзүндө АКШ экономикасындагы оор абалга өзгөчө көңүл бурду:

-Үстүбүздөгү аптадагы жаңылыктар биздин экономика тарыхый кризистин алдында турганын тастыктады. Финансы рыногундагы абал да курч. Октябрда жаңы турак-жай сатып алуу акыркы элүү жылда болуп көрбөгөндөй төмөндөдү. Өткөн аптада 540 миң адам жумушун жоготту. Бул акыркы 18 жылдагы жң жогорку көрсөткүч.

Маалымат булактарынын ырасташынча, Обаманын өкмөтүндө финансы министрлигин Тимоти Гейтнер жетектейт. Ал азыр-Нью-Йорктун федералдык резервдик банкынын башчысы. Гейтнер 1990-жылдары Эларалык валюта корунда Азия кризиси менен күрөшүүнү жетектеген. Обама Финансы министрлигин Тимоти Гейтнерге сунуш кылыптыр деген кабардан кийин Нью-Йорктун фондулук биржасында оң жылыштар байкалды. Айрым билермандар президенттик шайлоодо непада МакКейн жеңсе да, Гейтнер финансы министри болмок дешет.

АКШ президентинин алдындагы Улуттук экономикалык кеңешти мурдакы финансы министри Лоренс Саммерс жетектейт. Ал Бил Клинтондун өкмөтүндө финансы министри болгон. 53 жаштагы Саммерстин алдында экономиканы жандандыруу боюнча эки жылдык планды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу милдети турат.

XS
SM
MD
LG