Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Барак Обаманын инаугурация салтанаттары башталды


Кошмо Штаттарында Барак Обаманын президенттикке расмий киришинин алдындагы салтанаттар башталды. Жекшембиде Вашингтондо АКШнын 44-президентинин инаугурациясын майрамдоонун биринчи күнүнө жүз миңдеген киши келди.

Брюс Сприңстин, Ю-ту, Стив Уандер, Бейонсе өңдөнгөн ырчылардын концертине келген жүз миңдеген кишинин катарында жаңы шайланган президент Барак Обама да болду. Концерттин көркүн Дензэл Уошингтон жана Том Хэнкс өндөнгөн Голливуд жылдыздары да ачты.

Салтанат АКШнын баш калаасындагы эң атактуу эстеликтердин бири болгон Улуттук паркта өттү. Парктын бир тарабында грек ибадатканасынын түспөлүндөгү Линколн мемориалы турат. Ал АКШнын 16-президенти Абрахам Линкольндун урматына тургузулган. Сейил бактын экинчи кыйырында өлкөнүн туңгуч президенти Жорж Вашингтонго арналган обелиск заңкаят. Ортодогу зор бассейнде бул эстеликтер суудан чагылышат.

Күн суук, бүркөк болгонуна карабастан, паркка эл жык-жыйма толду. Обама жубайы Мишел, кыздары Саша, Малия менен Линкольн мемориалынын сахнасында орун алды. Үч күндүк салтанаттардын алгачкы иш-чарасы болгон концерт эки саатка созулду. Обаманын катарында анын орун басары болуп шайланган Жозеф Байден аялы Жилл менен отурду.

Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Обама Кошмо Штаттарынын алдында оор экономикалык жана саясий кыйынчылыктар тургандыгын моюнга алды. Обама АКШнын 44, теги афро-америкалык биринчи президенти болуп, эртең 20-январда ишке киришүүдө.

Бирок Обама "Кошмо Штаттары кыйынчылыктарды жеңип, мамлекеттин негиздөөчүлөрүнүн кыялдары бүгүн да ишке аша берет" деген үмүтүн билдирди:

– Президенттик кызматты өткөрүп алууга даярданып жатканда, мен сиздердин добушуңарды күн сайын Ак Үйдүн сүйрү залына ала кирем. Биздин тагдырыбыз ар башка, бирок тилегибиз бир. "Өз тагдырыбызга өзүбүз кожоюн болуп, балдарыбыз бизден жогору баскычтарга көтөрүлөт" деген убада алган америкалыктардын добушу ар дайым кулагымда жаңырып турмакчы.

Улуттук парктын ар жеринде коюлган чоң экрандардан өлкө башынан оор күндөрдү өткөрүп жаткан мезгилдерде президент болгон Франклин Делано Рузвельт менен Жонн Фицеральд Кеннединин айткандарын угуу мүмкүн болду.

Бул күнү канаттуулар да көрүнүктүү роль ойноду. Оюн-зоок америкалык композитор Аарон Коупланддын "Карапайым адамга сүрөө" деген чыгармасы менен башталганда, асманга ондогон ак когүчкөн учуп чыкты. Көгүчкөндөр концерт бүткөнчө бассейндин үстүндө кайкып учуп жүрүштү.

АКШнын мамлекеттүүлүгүнүн эн белгиси саналган америкалык ак баштуу бүркүт да бир нече көз ирмем сахнада канатын какты.

Оюн-зооктун башкы бөлүмү Брюс Спрингстиндин ыры менен башталды. Чиркөө хорунун коштоосунда ал "Көтөрүлүү" деген чыгарманы жандуу аткарды. Элдик ырлардын даңазалуу аткаруучусу, 89 жаштагы Пит Сигер "Бул жер – сенин да жериң" деген ырды ырдаганда, чогулган эл да үн кошту.

Концерт Бейонсенин "Көркөм Америкасы" менен жыйынтыкталды. Бул ырчыны да көпчүлүк коштоп кетти.

Оюн бүтүп, эл таркай баштаганда, кетип жаткандардын арасында "Yes, we can", "Ооба, биздин колдон келет" "Yes, we did" "Ооба, биз ишке ашырганбыз!" деген саптарды шаттуу ырдап бараткандардын добушу угулуп турду.

XS
SM
MD
LG