Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

АКШда жашап жаткан кыргызстандык саясатчы, 2005-жылы март ыңкылабынын катышуучуларынын бири Равшан Жээнбеков "Жоогазын ыңкылабы жана алдыдагы президенттик шайлоо жөнүндө.

- Март ыңкылабында келген бийликке нааразылык төрт жылдан бери эле болуп келүүдө. Ыңкылаптын негизги катачылыгы эмнеде деп ойлойсуз?

-Ыңкылаптын каталыгы - ошол убактагы революцияны колдогон адамдардын бир адамды өзгөртүп ордуна экинчи адамды алып келсек баардык нерсе өзгөрүп кетет деген утопиялык ой тилеги болгон. Биз системаны өзгөрткөнгө аракет кылбастан, адамды гана өзгөрткөнгө аракет кылганбыз.

-Март ыңкылабына чейинки бийликтин тушундагы коомдук -саясий-экономикалык кырдаал менен азыркы учурдагы коомдук-саясий- экономикалык кырдаалдын кандай айырмачылыгы бар деп айта алат элеңиз?

-Мен эми кийинки бар жарым жылдан бери Кыргызстанда болбогондон кийин азыркы элдин кандайдыр бир сезимин так айтуу кыйын. Бирок ошол убактагы окуяга, ошол убактагы процесстерди салыштырганда бир топ окшоштуктар бар. Андан дагы көбүрөөк нерсе, азыркы күндөгү экономикабыздын социалдык абалыбыздын же болбосо мамлекетибиздеги саясий абал андан дагы бир топ курчуп начар болуп турат.

Президентибиз ошол төрт жылдын ичинде биз гана жетишкен нерсе катарында бюджетти эки эсеге көтөрдүк деп айтып атат. Андан башка азыркы биздин бийлигибиздин мактана турган эч нерсеси жок. Адам укугу, сөз эркиндиги, коррупция бүт баардыгы азыркы күндө жаман абалга келип такалып калды.

-Ыңкылап кантсе дагы элдин көзүн ачты, эл бийликтен талап кылып жашаганды үйрөндү, деген пикирлер да бар. Сиз кандай дейт элеңиз?

-Мен дагы чынын айтсам ошондой пикирдемин. Кандай болгон күндө дагы бл биздин тарыхыбыз, биздин келечегибиз үчүн аябай чоң нерсе болду. Анткени биздин адамдарыбыздын, элибиздин өзүнүн күчүнө ишенич пайда болду. Бирок ошол күч кандайдыр бир кийинки эки жылдын ичинде жокко эсе болуп келатат. Ойлоор элем бул убактылуу нерсе, ал ишенич кайрадан келет. Эл өзүнүн көз карашын өзүнүн күчүнө кайрадан ишене турган убакыт келет болуш керек.

-Жакында оппозициянын азыркы башкаруу системасына каршы дагы нааразылык акциясы болгону жатат 27-мартта. Бул акцияны жалпы Кыргызстан эли канчалык деңгээлде колдойт деп ишене аласыз?

-Эгерде биз экономиканы нааразалыктардын булагы катарында ала турган болсок, анда бүгүнкү күндө биздин элибиз кандайдыр бир бийлике нааразылык акцияларына чыкканга даяр болуп калды. Анткени энергетикада дагы биздин абалыбыз начарлап, коррупция күчөп кетти деп айтып атпаймынбы. Бир эле биз эмес, эл аралык эксперттердагы бул жөнүндө баса белгилеп атышат. Ошондуктан элибиз азыркы күндө мындай акцияларга даяр болуш керек.

-Жакында эле президенттик шайлоонун дагы күнү такталды. Президенттик талапкерлерди көрсөтүүгө бир ай гана убакыт берилди. Бул сиздин оюңузча кандай, азбы же көппү?

-Бул албетте аз. Башкалар даярданганга жетишпей калсын деген ойдо тез аранын ичинде шайлоо коюп атышпайбы. Анткени алар өздөрүнүн абалын билет. Азыркы күндөгү бүт бардык социалдык изилдөөлөр боюнча биздин президентибиздин рейтинги 10 пайызга дагы жетпейт.

Ошондуктан тез арадан ичинде алдап-соолап, эл менен саясатчылар баш-аягын жыйганча шайлоо өткөрө коёлу деген аракет болуп атат. Ошентсе бизде азыркы күндө эл колдогон оппозициянын лидерлери бар. Мен баса айткым келет бул - Текебаев, Темир Сариев, Бакыт Бешимовго окшогон саясатчыларды мен ойлойм эл баары бир колдойт.

-Равшан мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG