Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:09

Клинтон: "Диний эркиндик - жалпы насилнарк"


Татарстан -- Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Казандагы чиркөөлөрдүн биринде. 14-октябрь 2009-жыл.

Татарстан -- Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Казандагы чиркөөлөрдүн биринде. 14-октябрь 2009-жыл.

Дүйшөмбү күнү АКШнын мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин эркиндигине арналган кезектеги жылдык докладын жарыялады. Докладда былтыркы жайдан быйыл жыл ортосуна чейинки абал талдоого алынган.

Доклад жарыяланган соң Вашингтондогу маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон диний эркиндик Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча декларациясында аныкталган принцип экенин эске салды.

"Белгилеп кетким келет, диний эркиндик америкалыктардын эле насил-наркы эмес, бул адамзаттын универсалдуу асылнаркы катары кабылданган",-деп айтты мамкатчы.

Докладдын мазмунуна токтолуп, Клинтон анда дүйнөдөгү 198 өлкөнүн жана аймактын өкмөттөрү дин тутуу эркиндигин коргоп же коргой албай жатканы,мамлекет жана коом түзүп жаткан каскактар, ошондой эле позитивдүү кадамдар көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Баштагыдай эле документте Өзбекстан, Иран, Кытай, Сауд Аравиясы, Мянма, Зимбабве, Түндүк Корея жана Судан диний эркиндикти кысмактап жатканы үчүн сынга алынат. Алар "өзгөчө камтамачылык жараткан өлкөлөр" катары мүнөздөлгөн. Бу сегиз өлкөгө атүгүл АКШ администрациясы санкциялар жарыялоо мүмкүндүгүн караштырууда.

Диний байистүүлүктү өнүктүрүү жагынан күч-аракеттерди көрүп жаткан мамлекеттер арасында Бахрейн,Индия, Молдова, Сербия, Украина аталган.

Европалык өлкөлөрдүн дээрлик баарында диний эркиндиктер сакталат, ошол эле учурда айрым жерлерде дини бөлөктөрдү өгөйлөп бөлгөн, аларга кысым көрсөткөн жана куугунтуктаган учурулар болот. Буга мисал иретинде докладда Белоруссияда диний айрым жамааттарга жазана салынып, кай бир ишмерлерге саясий маанидеги айыптар тагылганы, ачыктан-ачык кодуланганы айтылат.

Россияда да бийликтер айрым конфессияларга, атап айтканда, Иегов күбөлөрү мазабына өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирген күч катары карашары, орус коомунда болсо мусулмандарга, иудейлерге, католиктерге жана башкаларга кусаматчыл маанай бар экени белгиленет.

56 мусулман өлкөсү кирген Ислам конференция уюму бир катар жерлерде, айрыкча Европада Мукамбет пайгамбарга тартылган азил сүрөттөрдү жана башка фактыларды эске алып, динге акаарат келтирген кеп-сөздөргө тыйылгы салган резолюция кабыл алууну жакындан бери Улуттар Уюмунан талап кыла баштады.

Буга байланыштуу Клинтон диний кысым-кысмактын бардык түрүнө, дин тутканы үчүн адамдарды куугунтуктоо ыкмаларына АКШ мындан ары да келишкис позицияда болоруна ишендирди. Ошол эле учурда көз караштарды, ой-пикирлерди эркин туюнтуу укугуна каршы келген кадамдарды АКШ эч качан колдобой турганын да бекемдеди. "Вашингтон сөз эркиндигин чектегенге умтулуп жаткандардын позициясына таптакыр кошулбайт",- деп көрсөттү мамкатчы.
XS
SM
MD
LG