Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

АКШ-Россия: алакаларды “оңдоп түзүү” аракети


Белгия -- АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Брюсселдеги маалымат жыйынында.5-март 2009-жыл.

Белгия -- АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Брюсселдеги маалымат жыйынында.5-март 2009-жыл.

Бүгүн Женевада АКШ менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин башчылары жолугушат.Сүйлөшүүлөрдө Ооганстан,массалык кыргын куралдар маселеси, Ирандын атом программасына,АКШнын ракетадан коргонуу системасына байланышкан проблемалар сөз болот.

Кечээ Хиллари Клинтон Женевадагы сүйлөшүүлөр учурунда талаш-тартыштан тайсалдабай турганын, ошол эле учурда белгилүү бир маселелерде Россия менен кызматташуу ыкмасын тапканга умтуларын белгилеген эле.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо Женевадагы жолугушууну толук кемелдеги сүйлөшүү эмес,болгону “акценттерди аныктоо” аракети деп атады.

Мамкатчы айткан “белгилүү бир маселелерге” ооган темасы кирери шексиз. НАТОлук министрлердин бейшемби күнкү жыйыны былтыр августтагы окуялардан улам алянс менен Россия ортосунда үзүлүп калган байланыштарды кайра улоону чечип,мунун зарылдыгын Ооганстан маселеси менен да негиздешкен эле.

Россия өз аймагы аркылуу Ооганстанга керек-жарактарды ташыганга НАТОлук айрым өлкөлөргө мүмкүндүк берди, эми алардын аскерий жүк тартып өтүшүнө да макул болчудай түрү бар дешет. Бирок айрым эксперттер ооган маселесинде Москванын позициясы дале айкын эместигин айтышууда.

Хиллари Клинтон Ооганстан НАТО үчүн да, Россия үчүн да чоң проблема экенин белгилеп, аны чечүүнүн жолдорун талкуулаганы ушул айдын этегинде кызыкдар бардык тараптарга жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүүнү сунуш кылды. Ага коңшулаш өлкө катары Иран да чакырылышы мүмкүн.

Вашингтондун Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө ыкыласы барлыгын ырастап, Клинтон ошол эле учурда Ирандын атомдук курал программасына АКШ баштагыдай эле келишкис позицияда каларын бышыктады. Ал Лавров менен иран проблемасынын бир катар өңүттөрүн талкуулай турганын ырастады.

Эки өлкөнүн алакаларын “оңдоп түзүү” аңытында АКШнын Европага жайгаштырганы жаткан ракетадан коргонуу системасынын элементтери тууралуу сөз козголору кадиксиз. Москва буга караманча каршы экенин, буга атүгүл тең барабар деңгээлдеги чараларды көрөрүн эскерткен.

Жакында дүйнөлүк маалымат каражаттары кокус Россия Ирандын ядролук проблемасын чечкенге жардамдашса, РКСтин элементтерине байланыштуу пландарын кайра карап чыкканга АКШ кыяз кылып жатканын кабарлашкан эле. Бирок муну ырасмий түрдө Москва да, Вашингтон да ырасташкан жок.

Мындан тышкары Женевада стратегиялык куралдарга байланыштуу келишимдин тагдыры сөз болот. Эки өлкө бул келишимге 1991-жылы кол коюшкан,арадан үч жыл өткөндө ал күчүнө кирген. Келишимдин мөөнөтү быйыл бүтөт. 2002-жылы түзүлгөн кошумча келишимде каралгандай, 2012-жылга чейин эки тарапта тең 1700-2200дөй гана ядролук дүрмөттөр калышы керек.

Айрым эксперттер Женевадагы бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө эки тараптын мамилелерин “оңдоп түзүү” багытында олуттуу деле жылыштар болбойт дешет. Көп нерсе акырындап барып ордуна келиши мүмкүн, бирок ортодогу талаштар баары бир калат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG