Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Батырбеков: Канат Исаев лидерликтен кетүүнү өзү демилгеледи


Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев төрагалыктан кетүү сунушун өзү киргизди. Маселе бүгүн фракциянын жыйынында каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Алмаз Батырбеков билдирди. Анын айтымында, Канат Исаев жумуш көптүгүнө байланыштуу милдетин башка адамга өткөрүү боюнча бейшемби күнү оозеки айткан.

Жаңы жетекчи кызматына депутат Алмаз Батырбековдун талапкерлиги сунушталууда. Ал муну "Азаттык" радиосуна бышыктап, өзү менен бирге дагы эки депутаттын талапкерлиги карала турганын кошумчалады. Бирок алардын кимдер экенин ачык айткан жок.

Ал арада Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булактарАлмаз Батырбеков лидер болуп тандалганын кабарлап жатышат. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG