Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Мусулмандар үчүн АКШ өз өкүлүн дайындады


Дүйнөлүк мусулман жамааты үчүн АКШнын жаңы дайындалган атайын өкүлү Фарах Пэндит.

Дүйнөлүк мусулман жамааты үчүн АКШнын жаңы дайындалган атайын өкүлү Фарах Пэндит.

АКШнын мамлекеттик департаменти мусулман дүйнөсүндөгү биринчи атайын өкүлүн дайындады.

Бу кызмат президент Барак Обаманын ислам коомчулугу менен алакаларды жакшыртуу стратегиясына ылайык түзүлдү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бул кызматка дайындалган Фарах Пэндитти тышкы иштер мекемесинде иштегендерге тааныштырып жатып, президент Барак Обаманын Каирдеги жана Анкарадагы сөздөрүн эске салды. Вашингтон көңкү дүйнөдөгү мусулман жамааты менен өз ара кызыкчылыктарга жана урматтоого негизденген жаңы мамилелерге умтулуп жатканын дагы бир ирет бышыктады.

Дүйнөдө мусулмандар 1,4 миллиарддан ашат, бу Кытайдагы же Индиядагы калктын санынан биртке көптүк кылат.

"Жакырчылык,ачарчылык, климаттын өзгөрүшү,коррупция өңдүү проблемалар дүйнөнүн бир да бөлүгүн,бир да элди же бир да динди кыйгап өтпөйт",-деп улантты мамлекеттик катчы. Булардын баары ийиндеше иштөөнү, аларды чечүүнүн орток жолдорун табууну талап кылат. Жаңы өкүлгө дал ушул багытта Европадагы, Африкадагы жана Азиядагы мусулмандар менен тыгыз кызматташуу милдети табышталат.

Фарах Пэндит айым теги жагынан индус,Кашмирде төрөлүп,кийин ата-энеси менен АКШга көчүп келген. Быйыл жайда анын талапкерлиги карала баштаганда ал жаңы кызматтын ачылып жатышынын өзү "мусулмандарга урмат көрсөтүүнүн,алардын ой-санаасын түшүнүп мамиле жасоонун белгиси" деп атаган. Ошол эле учурда бу маселеде баарын алеки саатта оңдоп сала турган сыйкырдуу программа жоктугун да моюнга алган.

Алдыдагы милдеттерине токтолуп, Пэндит негизинен элчиликтер менен кызматташып, карапайым мусулмандар,өзгөчө жаш муундар арасындагы маанайды,алардын күнүмдүк абыгерчиликтери менен ташпиштерин түшүнүүнү биринчи планга коерун айтты. Анткени муну Пэндит Вашингтондон туруп эмес, жеринде түшүнүүнү өтө маанилүү деп эсептейт.

Өз кезегинде Вашингтон мусулмандар үчүн атайы биринчи өкүлүн дайындап,жалпы ислам дүйнөсүндө АКШнын беделин бекемдеп,аброюн ашырганга үмүт кылат.

Вашингтондогу Америка университетинин ислам изилдөөлөр борборунун төрагасы Акбар Ахмед жаңы дайындалган өкүл менен мындан эки жыл илгери орозо айында Ак үйдөгү иптарда жолуккан. Пэндит ага өтө "билимдүү дипломаттай" таасир калтырган.

Ошентсе да Ахмед көп жылдардан бери АКШга медилин бербей, шектенип,атүгүл кастарын салып карап келаткан мусулмандар арасында конкреттүү иштер керектигин эскертти.

"Мунун баары жакшы,мусулмандарга кулак-кунтун төшөп,аларга кадырлоо менен мамиле кылып,түшүнө билүү - ортодо ишеним көпүрөсүн курганга өбөлгө түзөт. Бирок иш жүзүндө, айталы, палестиналыктар,кашмирликтер,чечендер,пакистандыктар жана башкалар эч кандай өзгөрүүлөрдү көрө алышпаса, анда аларды ого бетер иренжиткенден, ичин сууткандан башка натыйжага жетүү кыйын болот",-дейт ал.
XS
SM
MD
LG